“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

15 жылдан бери устачылык менен алектенген Асылбек Бегалиев

2 Июль 2016 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 68

Токтогул районундагы Терек- Суу айылынын тургуну Асылбек Бегалиев  көп жылдан бери устачылык менен алектенип келет.  Уста үй эмеректерин буйрутма менен жасайт.

IMG_20160702_175220

Устачылык менен алектенген Асылбек Бегалиев  балалык кезинен устачылыкка кызыккандыгын айтат:

« Устачылык кесипти аркалап жүргөнүмө 15 жылдан ашып калды. Бала кезден жыгачка кызыкчым, стол жасап, эмерек жасап. Колдон келишинче элдин кызматындабыз.  Жыгачтан бешик жасайбыз, азыркы учурда топчан, кровать жасап жатабыз, балдарга  манеж  жасайбыз, стол, стул, жыгачтан жасалгандардын бардыгын жасайбыз. Азыркы учурда рамка, эшик жасап жатам. Андан сырткары үйлөргө тепкич жасайм. Өзү бир эле балам бар, анын дагы  устачылыкка шыгы бар. Устачылыктан сырткары айыл жергеси болгондон кийин  мал менен, огород менен алектенем»- , дейт уста.

IMG_20160702_174850

Асылбек мырзанын кардары Дамира Стамалиева  устага буйрутма менен тепкич жасаткан. Тепкичтин сапаты анын купулуна толгондугун айтат:

« Биз тааныгын билген уста болгондуктан жана Асылбектен башка эч ким мындай тепкич жасай албайт болушу керек, ошондуктан биз Асылбекке жасаттык. Өзү дагы ыймандуу,намаз окуган  жакшы бала. Азырынча тепкичтин сапаты жакшы эле. Тепкичтин  баасы 100 миӊ сомго жакындап калды»-, дейт Дамира Стамалиева.

IMG_20160702_182338

Асылбек мырза үйүндөгү эмеректердин бардыгын өз колу менен жасаган.

IMG_20160702_175257

IMG_20160702_175315

IMG_20160702_175349IMG_20160702_175610

      15-ZHYLDAN-BERI-USTACHYLYK-MENEN-ALEKTENGEN-ASYLBEK-BEGALIEV-

Даярдаган: Азима Нурбек кызы   

Сынак үчүн