Токтогул районунун Терек –Суу айылында Анас аталышындагы менчик мечит ачылды. Бул мечит жаштарды ыйман жолуна тартууда.
Мечитти ачкан Айдар Ормонбеков айылыбыз чоӊ болгондуктан бир мечит жетишпей намазкана ачууну чечтим деп өз сөзүндө билдирди:
«Бул мечиттин салынышынын себеби айылыбыз чоӊ болгондуктан бир мечит жетишпей бул намазкананы ачууну чечтим. Айланабыздагы кошуналар бизге жакын адамдар келип намаз окуусун деген максат болду. Алланын ыраазычылыгы үчүн өзүмдүн үйүмдү берип намазкана ачтык ниет болсо мындан дагы чоӊойтуп чоӊ мечит куруу оюмда бар. Бул мечиттин салынышына көп деле каражат кеткен жок себеби үйдү Алланын ыраазычылыгы үчүн бердим. Мечиттин максаты адамдарды ыйманга чакырыш керек. Намаз окуп Аллага ибадад кылып бейишке чыгыш керек. Дагы бирден-бир максаты жаштарыбызды ыйманга чакыруу. Куда кааласа эмдиги жылы мечитти чоӊойтоюн деген максатта жаӊы башкача формада салабыз дегени турабыз, инсандар, жааматтар көбөйсө салабыз буйруса. Эгер балдар окууну кааласа шаардан медиреседен окуутучуну алып келебиз бир айга» .
Мечиттерди салыштырууга болбойт, анткени ар бир мечит Алланын үйү деп эсептеген Нурсултан Рысбек уулу мындый деди:
« Албетте бул мечит мага жагат анткени мечиттерди салыштырууга болбойт себеби ар бир мечит Алланын үйү. Баардык элдерди ушул мечитке чакырат элем. Алланын улуктугу, Алланын үйү биз Алланы унутпашыбыз керек. Ар бир инсан унутчаак бирок Алла аларды кечирет. Бул жерге келүүмдүн себеби Аллахтан ыраазычылык алуу жана Алланы ыраазы кылуу. Ким Алланы жоготтсо ал баарын жоготконго барабар. Машаала, бар мындан дагы эки эсе чоӊ мечит куруу ниетим бар» .
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Сынак үчүн: Л. А