“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон-Арык айылын камсыз кылган тоок ферма

20 Июль 2016 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны: 134

Ардактуу эс алуудагы педагог Дилдеайым Жумабаева тоок ферма ачып, элди таза жумуртка менен камсыз кылууда.

Эл агартуунун отличниги, 30 жыл мектепте эмгектенген азыркы учурда эс алуудагы тоок фермасынын жетекчиси Дилдеайым төмөнкүлөргө токтолду:

20160720_114025

«Мугалимдик  кесипти аркалап бүткөн соң эс алууга чыгып,уйдө жөн отурбайын  ден-соолукка зыян деп, биринчи себеби ушул болду, экинчи себеп балдарымдын келечеги учун иштеп келе жатам. Токтогулда бир эле ферма болгон экен, ал дагы кичине болгондуктан элди толук камсыз кыла алган эмес, ошондуктан элди толук  жумуртка менен  камсыз кылууну ойлодум. Бул жумуш менен алектенгениме төрт жылдын жүзү  болду. Учурда миң тоогум бар, күзүндө көбөйтүүнү ойлоп жатам. Чон-арык айылынын элин  жумуртка менен камсыз кылып жатам, өзүмдүн кардарларым бар, магазиндерге өткөрөм. Чычкан жергесиндеги пельменный аттуу кафени толук камсыз кылам. Балдарым майда болсо алган кирешем камсыз кылмак, учурда бир балам жана бир кызым медициналык академияда окуп жатат, мындан сырткары жолдошумдун бал бизнеси бар. Жолдошум бал бизнеси менен, а мен тоок ферма менен алектенем.

20160720_113914

Жолдошу Бексултан Асанбеков төмөнкулөду айтып берди:

«Мен бала кезимен эле аары багууга кызыкчумун. Бул менин кесибим болуп эсептелет. Азыр ушул кесип менен алектенем. Бош убактымда жубайыма жардамдашам. Төрт кызым бир балам бар. Балдарымдын алды турмуш куруп, небере күтүп калдым. Балдарымды кошуп алып, аары карап келем, бир чети эс алабыз.  Кээде ата-энемди кошуп алып эс алып келебиз».

1

 

Тоок фермасынын кардарынын бири Эстебесова Бегай төмөнкулөргө токтолду:

20160720_122402
Бул ферманын пайдасы абдан чоң. Бизге эле эмес, жалпы эле айыл тургундарына кереги тийип жатат. Сапаты жакшы,баасы каанаттандыраарлык эле.

Даярдагандар:Турсунбаев Өмүр, Тазабек кызы Мыскал, Алтынбекова Бактыкан.