“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон- Арык: Эң мыкты окуучулар Таласта Манас Ордодо болуп кайтышты

20 Июль 2016 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны: 56

Коргол орто мектебинин окуучулары арасында “Эң мыкты окуучу”сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөрү Талас облусуна барып, Манас Ордодо болуп кайтышты. Бул сынак мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, Кетмен Дөбө айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.

IMG_20160611_135643

Жалпысынан сынакка окуучу катышып, 7 окуучу жеңишке ээ болду. Жеңүүчүлөрдүн бири 6-класстын окуучусу Айдана Жумакмат кызы оз оюн мындайча билдирди:

“Биз азыр Манас Ордодо турабыз. Манас атанын музейин, күмбөз жана Кароол дөбөсүн көрдүм. Өзүмө көп маалымат алып кетип жатам. Агайга рахмат айтам.”

Мыкты окуучу Дөөлөт Туратбеков:

“Мен Манас атабыздын ордосуна келип музейинен көп маалымат алдым. Атап айтсам, зоот кийими 48 кг экен, куралдарын көрдүм. Саякбай жана Сагымбай атабыздын сөлөкөттөрүн көрдүм.”

IMG_20160611_154134

Окуучулар менен чогуу келген тарыхчы Медербек Атабеков бул иш чаранын мааниси тууралуу мыдай деди:

“Бүгүнкү Манас Ордого болгон зыяраттын мааниси окуучулар үчүн абдан чоң. Анткени бул балдардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырат, билимин тереңдетет деп ишенем.”

Уюштуруучу Өмүр Турсунбаев бул иш-чаранын максаты тууралуу айтып берди:

“Мага бул идея, окуучулардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулду. Манас атабыздын ордосуна сыйынып, тилек кылдык. Келечекте бул окуучулардан кыргыз элинин керегине жараган инсан чыкса деп тилейм.”

IMG_20160611_104410

Даярдагандар: Миркалый кызы Шербет, Абдылкерим кызы Аида