“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон –Арык: Жалгыз тикмечи айым элге кызмат кылат

20 Июль 2016 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 694

Чон –Арык айылында колунан бардык нерсе келген тикмечи айым өзүнүн айылдаштарына кийим тигүү, курак тигүү жана башка буюмдарды тигүү кызматын көрсөтөт.

IMG_20160720_113809_1

Бул тууралуу Нургул Ондошова мындай деди: «Мен 2006-жылдан бери тикмечилик менен алектенем. Мурда майда иштер менен алек болчумун. Мен көбүнчө кимге эмне керек болсо ошонун баарын тигип берем. Мисалы, кышкысын жылуу кийимдерди тигип берем, жайкысын көйнөк, кофта, халат тигемин. Кээ бир ата-энелер кыздарына сеп даярдаш учун мага заказ беришет. Мен тигуу баасын кездемеге жараша баалайм. Ар бир кесип ардактуу дегендей өзүмө ушул жумушум абдан жагат. Мен буга абдан сыймыктанам. Элге тиккен кийимим жагыш үчүн алардын оюндагыдай болом, аны элдер аныкташ керек. Менин келечекте пландарым ушул тикмечиликти көп убакытка чейин улантайын деген оюм бар. Ушул жумушту кыздарыма , келиндериме анан сырттан келип кызыккандарга үйрөтөйүн деген ниетим бар».

IMG_20160720_113428_1

Өмур Турсунбаев тикмечи айымдын кызматын дайым колдонот. Бул жолу ал фестивалга катышуу үчүн чепкенин кайра оңдоп тиктирген:

«Кыз узатуу фестивалында, манас айтуу жана оюнга катышуу үчүн мага чепкен керек болуп, Чынара эжеге кайрылгам. Ал мага чепкенимди кайра ондоп, жакасын тигип берди.» Тикмечи айымдын кардарларынын бири Марина Байсалбекова мындай дейт:

IMG_20160720_120124

«Мен тикмечи айымга көйнөк, чапан тиктирдим. Азыр мен ага төшөк заказ кылдым. Ал менин төшөгүмдү тигип жатат. Мен анын тиккен кийимине канаттанам.»

IMG_20160720_112848_1

Даярдаган: Сыргабай кызы Нуриза, Таштан кызы Айзирек, Бактыбек кызы Жайнагүл,

Алмазбек кызы Анаркул.