“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арык: Токтогул көлүндө эс алуучулар көп болууда

21 Июль 2016 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны: 46

Токтогул суу сактагычынын Кызыл-Кум жээгине адамдар көп келип жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүп жатышат. Кызыл-Кум жээги  Кетмен-Дөбө айыл аймагына жакын жайгашкан жана жергиликтүү  эл бул жерге жайкы ысыкта сүзүү үчүн келишет.

20160720_180134

Мурда эс алууучулар үчүн шарт жок болсо быйыл ишкерлер эс алуучулар үчүн  боз үй тигип, кийим которуучу жайды курушту. Бул тууралуу Максат Мелисбеков төмөнкулөрдү билдирди:

«Биз бул жерди алгандан бери даараткана курдук, кийим которуучу жай, боз үйлөрдү алып келдик. Күнүгө таштандыларды теребиз. Бул жерде куткаруучу топ болсо, айыл өкмөт карашса жакшы болмок.»

20160720_174958

Көл жээгинде сууда сүзгөн балдар абдан көп алардын бири өзүн Куку деп тааныштырып, мындай деди:

«Мен 7 жаштамын, Терек-Суудан келдим, мага сууга түшкөн абдан жагат. Көлгө эки күндө бир келип турабыз».

Ибарат Курманалива Кызыл-Кумга Чолпон-Ата айылынан келген. Ал бул жерде Ысык-Көлдөй шарттар болуусун каалайт:

«Бул жердин касиети бар, келип эс алганга ынгайлуу, кум  ден-соолукка абдан пайдалуу келет. Бирок суучулдар болсо, адамдар коопсуз болмок. Кайыктар, дачалар, көлөкөлүү жерлер болсо абдан жакшы болмок».

20160720_175750

Чоң-Арык айылынын тургуну Жаныбек Арзыбеков колу бош убактысында келип турат, жана төмөнкүлөрдү билдирди:

«Ысыганда салкындоочу жакшы көлдөрдүн бири элдер үчүн. Акимчилик тарабынанбы же мамлекет тарабынан көнүл бөлүшсө жакшы болмок.”

Даярдагандар:Турсунбаев Өмүр, Алтынбекова Бактыкан, Уланбек кызы Элизат,Тазабек кызы Мыскал