“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон-Арык: Айылын камсыз кылган жыгач уста

21 Июль 2016 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны: 57

Айылдын элин айнек эшик, терезе ж.б жыгач буюмдар менен камсыз кылып турган жыгач уста Алымбек Тургуналиев бала чагынан бери устачылык менен алектенет.

Бул анын атасынан калган таланты. Устачылыкка окуп үйрөнгөн эмес, болгону өзүнүн жөндөмү менен иштейт. Ал ишмердүүлүгү жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

“Көп ийгиликтерге жетиштим, эми менден үйрөнөм деген жаштар көп. Мен турмушумда эмне керек болсо ошонун баарын жасайм. Мага эшик, терезе заказ кылышат, аарынын кутусун жасайм. Аларды мен жыгачтын сапатына, эмгегиме,  буларга кеткен электр энергиясына карап баасын аныктайм. Менин келечекте пландарым жаштарга үйрөтүү, эми атадан калган мурас дегендей балама үйрөтсөм дейм”.

Жыгач устанын кардары Артур Кулманкулов мындай деди:

“Менин  үйүмо эшик жасаттырдым абдан сонун чак келди, бул эшиктин баасы жыгачтын сапатына баалады. Ал мени канаттандырды абдан жакшы жасалган сапаты да жакшы”.

Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагул, Сыргабай кызы Нуриза