“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон-Арык: Балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүп жатат?

21 Июль 2016 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны: 60

 Балдардын жайкы каникулу көбүнчө айылда, жайлоодо ошондой эле айрымдары эс алуучу жайларга барып келүүдө.

№ 13 Коргол орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, эл агартуунун отличниги Байтикова Раткан жайкы эс алуу жөнүндө мындай деди:

«Ар бир окуучу жайкы каникулду күтүшөт, бир жылда тогуз ай окушуп абдан чарчашат, каникулду жакшы өткөргүлөрү келишет. Тилекке каршы айылдын шартында жок болуп жатат. Илгери биздин бала кезибизде атайын пионер лагерлер бар болчу, окуучуларды үч айлык каникулунда поток менен лагерлерге барып көнүлдүү эс алып келишчү , азыр ар ким өзүнүн шартына жараша  эле өткөрүп жатышат мисалы, балдар жайлоолорго барып жатышат айылда деле болуп жатышат, шарты келгендер көлдүн жээгине барып бир күн эки күн эс алганы болбосо балдарды толук кандуу эс алуусу төмөн десек болот. Менин оюмча Токтогул район ичинде эс алуу лагерлери бар эле, ошолорду кайрадан жандантып кенейтип айыл жерлердеги балдардын жок дегенде жакшы окуганын жана социалдык шарттуу балдарды ошол лагерлерге женилдетилген шарттар менен акысын бир аз төмөндөтүп эс алдырса жакшы болмок».

Каникулун айылда өткөрүп жаткан Эсен уулу Сыргак мындай деди:

«Жайкы каникул жакты, тоого бардым, тоонун абасы таза, көптөгөн гүлдөр бар, бээнин сүтүн ичип, кымыз ичип эс алса болот. Азыр мен айылдамын, биякта досторум бар, эми шаарга барам. Буга чейин Терек Сууга таекемдикине да барып эс алып келдим».

«Уйдө эле апама жардам берип жатам, эми шаарга барайын деп жатам. Достор менен кубалашмак, ортого түшмөй, качма топ ойноп жатабыз», дейт 5-класстын окуучусу Айпери Болотбекова.

Жайкы каникулда балдарым менен чогуу Чычканга барып эс алып келдик. Азыр үйдө эле болуп жатышат, чоң балдарым иш кылып жатышат, эми каякка жиберишти ойлоно элекпиз», дейт 4 баланын энеси Элиза Корголова.

Даярдагандар: Адилет Максатбек уулу, Таштан кызы Айзирек