“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон-Арык: Чычкан капчыгайында “Кыз узатуу” фестивалы болуп өттү

21 Июль 2016 жыл 10:29
Көрүүлөрдүн саны: 57

Токтогул районунун администрациясы жана маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган, тарых жана маданият жылына карата Чычкан капчыгайынын Үч Чат деген жеринде «Кыз узатуу» фестивалы болуп өттү. Ага Токтогул районунун бардык айыл өкмөттөрү жана мекеме уюмдары катышты.  Фестивалдын жүрүшүндө кыргыздын улуттук оюндары тогуз коргоол, кан таламай, койчунун таягы, топ таш, улак тартыш, күрөш, аркан тартыш  жана башка улуттук оюндар болду.

Ак элечек энелердин ырлары, манас айтуу жана катышкан айыл өкмөт жаштарынын ырлары, бийлери менен коштолду. Фестиваль негизинен аябай кызыктуу өтүп ага кытайлык кыргыз туугандар жана түрк элинин өкүлдөрү катышты.