“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Балдар бакчасы кышкысын иштей баштайт

7 Сентябрь 2016 жыл 16:15
Көрүүлөрдүн саны: 707

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби, балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.

20160901_224656

№5 «Кызгалдак» балдар бакчасынын аткаруучу директору Назгүл Асранкулова жылуулук системасын киргизгенге долбоордун негизинде акча бөлүнгөндүгүн жана жакынкы арада бул долбоор ишке ашарын айтат:

20160901_224453-1

«Биздин №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебейт, себеби, жылытуу системасы жок болгондугуна байланыштуу. Жакынкы арада маселени чечебиз деп ойлойбуз, Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Дженалиевдин  жетекчилиги астында 2016-2017- окуу жылына карата «Арис» программасынын негизинде долбоор ишке ашырылган, жакынкы арада бул иш жүзүндө аткарылат деп ойлойбуз. Жылуулук системасын коюу үчүн акча бөлүнгөн, долбоордун суммасы 1 миллион 407 миң сомду түзөт»-, деп билдирди ал

20160901_224544

Мектеп мугалими Дамира Коңурбаева кышкысын баласын караганга эч ким жок болгондугун айтат:

20160901_225625

«Менин балам  кышыкысын бала бакчага барбайт, себеби, кышында биздин айылда бала бакча иштебейт. Мен өзү мектепте иштейм, кышында баламды караганга эч ким жок болуп калат. Эгерде,бала бакчага  биздин колдон келе турган жардам керек болсо, жардам бергенге даярмын»-, дейт Коңурбаева

20160901_224125

Даярдаган: Айка Жамырканова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн