Терек- Суу айылынын тазалыгы айыл тургундарын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн канаттандырабы? Айылдын тазалыгын сакташ үчүн кимден, кантип башташ керек? Ушул сыяктуу суроолорго Ак- Бакай Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы жооп издеп көрдү.
Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Дженалиев 2016- жылдын июль айынан баштап, тазалыкты сактоо үчүн муниципалдык ишкана иштеп жаткандыгын айтат:
“Айылдын тазалыгы бизди канаттандырбайт, ошондуктан 2016- жылы биз “Кетмен- Дөбө таза аймак” -деген муниципалдык ишкана түзүүнү көздөп, министерство юистициядан каттоого өттүк, июль айынан баштап аталган ишкана иштеп жатат. Анын негизги милдети айылдын тазалыгын сактоо жана айылдын элин таза суу менен камсыздоо. Тазалыкты сактоо, менин оюмча, ар бир адамдын өзүнөн башталышы керек. Биринчиден өзү жашаган жерди, экинчиден өзү окуган же иштеген жерди таза сактоо керек, үчүнчүдөн биз айтып жаткан ишкана өзүнүн ишин так аткарышы керек”,- дейт айыл өкмөт башчысы.
Соц.Адис Уларкан Ботоканова айылдын тазалыгы аны канаттандыраарын айтты:
“Айылдын тазалыгы мени канаттандырат. Айылыбызда мурдагыдай болбой, таштандыны алып кетүүчү машина каттап калды, ал айылдагы бардык таштандыны алып кетет. Ар ким өзүнүн тазалыгын сактаса, биздин айылыбыз дагы таза болот деп ойлойм” .
Айыл тургуну Назгүл Буканбекованын айтымында, жалпы коомдук тазалык аны канаттандырбайт:
“Айылдын тазалыгы бизди канаттандырат десек деле болбойт. Ар ким өзүнүн айланасын таза сактаса, ошондо канаттандырарлык болот деп ойлойм. Жалпы тазалык боюнча айтсам, анча эмес, коомдук жайларды таза сактоону билбейбиз, көчөлөрдүн бардыгы кагаз, бөтөлкө болуп жатат. Тазалыкты сактоо үчүн, ар ким өзүнөн башташы керек, өзүн жана өзүнүн айланасын таза кармаса айылыбыз таза болот. Жалпы эл биримдикте иш алып барышы керек, мен өзүмдүн айланамды таза кармасам, менин айылдаштарым дагы өзүнүн айланасын таза кармаса, таштандыны ар кайсы жерге таштабасак, табият берген жашыл чөптөрдү кууратпай, айланабызы жашылдандырсак ошондо тазалыкты сактайбыз деп ойлойм”,- деген оюн айтты айыл тургуну.
Тургун Суранчиев атындагы оорукананын медайымы Айгүл Алымбаева таштандылардан балдарга ар кандай инфекция жугарын айтат:
“Айылыбыздын тазалыгы мени канаттандыра албайт. Сайларда таштандылар төгүлүп жатат, балдарга кандай инфекция жугуп жатканын көпчүлүк билбейбиз. Тазалыкты сактоо үчүн, таштанды алып кетүүчү машинанын бир айда бир келип турганы абдан ыңгайлуу болуп жаткан, көпчүлүк ошого көнүп,тазалыкты сактап калышкан”,- дейт медайым Алымбаева.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактор: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн