“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде тил күнүнө карата кече болуп өттү

22 Сентябрь 2016 жыл 19:56
Көрүүлөрдүн саны: 90

Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 21- сентябрь күнү 23- сентябрь тил күнүнө карата “Эне тилге таазим” аталышындагы майрамдык кече болуп өттү. Кече кыргыз тилине арналган ырлар, көөнөрбөс сөздөр жана концерттик программа менен коштолду.

20160921_124929

Мектептин кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан берген мугалими жана кеченин уюштуруучусу Бүүмаржан Эшенкулова тил күнүндө окуучуларга жакшы таасир калтыргысы келгендигин айтат :

“Бүгүнкү кечени уюштуруунун негизги  максаты, бул азыноолак болсо дагы окуучуларга тил күнүндө таасир калтыргыбыз келди. Чакан программадагы кече даярдаганбыз, окуучулар өздөрүнүн демилгеси менен жакшы катышып беришти. Окуучулар 23- сентябрда тил күнү экенин, кыргыз тилине 27 жыл болгондугун сезип, жакшы таасирлер калды деп ойлойм. Бул кече аркылуу  жаш муундардын патриоттук сезимин ойгото алдым деп ойлойм. Балдардын көпчүлүгү берилген тапшырмаларды чын дилинен аткарышты”- , дейт кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими.

20160921_130246

Кеченин катышуучусу, 9- А класстын окуучусу Айжан Туратбек кызы бул кечеден көптөгөн маалыматтарды алагндыгын:

“Бүгүнкү кечеден мен абдан жакшы таасир алдым жана өзүмө кыргыз тилинин кабыл алынышы ж.б тууралуу көптөгөн маалыматтарды ала алдым. Мен өзүм дагы бул кечеге катышкам,биз бүгүнкү кече аркылуу окуучуларга көптөгөн маалыматтарды берип, жакшы таасир калтырдык деп ойлойм”- дейт 9- класстын окуучусу.

20160921_130642

20160921_120338

20160921_121112

20160921_121550

Ошондой эле кеченин соңунда 8-9-10- класстар аралык тил күнүнө карата дубалгазеталардын сынагы болуп өттү. Окуучулар өздөрү тарткан дубалгазеталарын жактап беришти.

20160921_130133

Сынакта 10- А класс төмөндөгү терең маанини камтыган дубалгазетасы менен жеңүүчү аталды.

20160922_083358

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактор: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн