Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 23- сентябрь тил күнүнө карата “Кыргыз тили- жан дүйнө азыгы”- аталышындагы китептер көргөзмөсү жүрүп жатат. Бул китеп көргөзмөсү 21- 22-23- сентябрь аралгында өтмөкчү.
Мектеп китепканачысы Сагынбү Ташматова китептер көргөзмөсүн тил күнүнө карата уюштурулгандыгын айтат:
“ “Кыргыз тили- жан дүйнө азыгы”- деген теманын негизинде, китеп көргөзмөсүн уюштурдук. Мектепте китепке болгон окуучулардын кызыгуусу жакшы болуп жатат. Көргөзмөдө турган китептердин арасында “Мезгил жана Алыкул”, Самидин Стамбековдун “Самидиндин санаты” деген китептер бар. Андан сырткары Арслан Капай уулунун “Бисмилдирик” деген китеби бар, бул китеп Үркүн жөнүндө, ошондой эле Байдылда Сарногоевдин жаңы китеби бар. Көргөзмө 21-22-23- сентябрь арлыгында жүрмөкчү”,- дейт китепканачы Ташматова.
9- класстын окуучусу Канымгүл Жунусова китеп көргөзмөсүндө кызыктуу китептер бар экпендигин айтат:
“Бул жерде абдан кызыктуу китептер бар экен, биздин мектепте мындай китеп көргөзмөлөрү көп эле болуп турат. Бул окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырат деп ойлойм. Мен бул жерден кечээтен бери “Мезгил жана Алыкул” китебин окуп жатам”,- дейт 9- класстын окуучусу.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактор: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн