“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү

1 Октябрь 2016 жыл 17:22
Көрүүлөрдүн саны: 29

Терек-Суу айылында  карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү. Ал кечеге 100дѳн ашык карылар келди.

Айыл ѳкмѳт башчысы мындай кечелерди жылда ѳткѳрүп келерин билдирди: “ Бул кечени  бардыгыӊарга белгилүү эле 1- октябрь эл аралык карылар күнүн белгилейбиз. Бүткүл  дүйнѳдѳ ушул карылар күнүн белгилешет биз дагы салттка айланып калгандай жылда карылар күнүн белгилейбиз. Кары адамдарды сыйлоо-урматоо максатында тамак берип жатабыз, жана ѳнѳрпоздордун талантын тартуулайбыз деген максатта сый тамакты уюштуруп жатабыз. Мындай кечелер жылда эле ѳткѳзүлѳт  Кетмен-Дѳбѳ аймагында 220дан ашык карылар бар. Бүгүнкү күндѳ сый тамакка ѳздѳрүнүн күчү менен келе алгандар келишти ал эми келе албагандарга белектери үйүнѳ жеткирилип берилет. Социалдык жардамга муктаж 10дон ашык карылар бар аларга акчалай сыйлык тартулайбыз “.

20161001_114701

 

Айыл ѳкмѳтүнүн мындай сый тамактарды жылда уюштуруп турарына ыраазы экенин айтат Алиева Бѳбек апа: “ Жылда карылар күнүн белгилеген айыл ѳкмѳтүнѳ ыраазычылыгымды айтам. Белектерди карылардын жашына карап берет. Мындай сый тамактарга кээде келем былтыр келбей калгам. Жылда карыларды чакырып сыйлап турганына ыраазыбыз. Уюштуруу мага аябай жакты.

20161001_113133

Мындай сый тамактарга жылда келип катышарын айтты Эшенбеков Бегиш ата: “ Бизди 1-октябрь саат 12 00 го келип кечеге катышып кеткиле деп чакырды. Жылда келип жаштардын сый-урматын кѳрүп кетебиз. Келип чай ичип берген белектерин алып кетебиз. Чай-шамек кошуп беришет аны алып кетебиз. Бул уютуруу жагып жатам эми мындан кийин аз-аздан жакшы боло берет деген ишеничим бар.

20161001_115238

20161001_122937

20161001_122921

20161001_112955

 

 

 

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Сынак үчүн

Редактор: Луиза Айтымбетова