“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылынын тазалыгын сактайлы

1 Октябрь 2016 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны: 740

Терек-Суу айылынын ар кайсы жеринде таштанды ыргытылып тазалык сакталбай жатат. Элдердин нааразычылыгын жаратууда . Бул таштандыдан кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп кѳрдүк.

Айыл ѳкмѳт башчы Советбек Жээналиевич мусорлордун бардыгын тазалоого каражат жетишпесин билдирди: “ Мындай мусорлордон арылууга болот. Анткени ар бир айыл тургуну маданияттуулугун кѳрсѳтүп айылды таза караш керек. Ал мусорлорду сырттан келип бирѳѳ тѳккѳн жок аны дагы биздин айыл тургундары тѳгүп жатат. Кээ бир учурларда мусор алып кетүүчү машинаны күтпѳй сайларга тыштап жатышат. Мунун баарын чыгарууга айыл ѳкмѳтүнүн  каражаты жетишпейт. Анткени айыл ѳкмѳтү айына бир гана жолу машина менен мусорлорду алып кете алат. Айыл тургундары ар бир түтүндѳн 100 сом беришет. Бул сумма таштандыларды баардыгын тазалоого жетпейт. Кетмен-Дѳбѳ түзгѳн тазалык иш-чаралары жаӊыдан бутунан туруп келе жатат. Жакында депуттатардан дагы бир жолу суранабыз. Эгерде эл ошону колдоп берсе ар бир түтүндѳн 200 сомдон беришсе мүмкүн айыл ѳкмѳттѳ акча топтолуп бир айына эки жолу машина жѳнѳтмѳкпүз. Айылыбызда таштанды тѳгүүчү жайлар бар. Бирок алар айылдан 1 километр алыс болгондуктан баргандан эригишип айыл ичине тѳгүп жатышат” .

20161001_115728

 

Айыл тургуну Касымбекова Анаркан айына бир келүүчү машына келбесин айтты: “ Ар кандай оорулардын пайда болушу ошол таштандыдан деп ойлойм. Анткени таштанды таштаган жерлерде жандыктардын ѳлүгү болот алардын калдыктары бар,химиялык уулу заттар бар. Айыл ѳкмѳтү ушул маселени калыпка сала албай койду. Ар бир айдын 29 күнү мусор ташыган машина келет деген келген жок. Ал машина бир жерге барса бир жерге барбайт экен. Таштандыны жанагы кытай капка салып койсок бир айга жетпей чирип калат . Бул маселени жалпы айыл эли чыгып тазаласа жакшы болмок.Айыл эли ѳзүбүз эле кылып жатпайбызбы ошону аны башка жактагылар келип тѳкпѳйт да. Өрттѳлѳ тургандарды ѳртѳп калганын жерди чуӊкур кылып казып таштандыны салып койсок ѳзү эле чирип жок болот. Ушул маселеге олутуу карап айылдын тазалыгын сактасак болмок”

20161001_120949

20160928_171357

20160928_171431

20160928_172903

 

 

 

.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Сынак үчүн

Редактор: Луиза Айтымбетова