“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Мугалим мѳмѳлүү дарак

3 Октябрь 2016 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 341

Курама уулу Турусбек орто билим берүүчү мектебинин мугалимдердин майрамына карата “ Мугалим мѳмѳлүү дарак” аталышындагы темада сурамжылоо жүргүздүк.

Коӊурбаева Дамира ѳз кесибине ыраазы экенин айтты: “ Мугалим деген мен үчүн сүйгѳн кесибим ѳзүм тандаган кесибим. Окуучулар менен иштеш албетте кыйын себеби окуучулар кѳп изденүүнү талап кылышат. Мугалимдер уктап жатып эле келе бербейбиз изденебиз, ойлонобуз ,түйшүк жаратат. Бирок ырахат тартуулай турган кесип болуп эсептелинет. Өзүмдүн кесибиме ыраазымын”.

20161003_132643

Жумагулова Нурайым окуучулардын тилин таап алсан алар менен иштешүү оӊой экенин айтты: “ Эл ичинде айтылгандай “Мугалим мѳмѳлүү дарак” дегендей мугалим эӊ ардактуу кесип. Мугалимден тараган баардык кесиптин ээлери ушул мугалимден тараган. Министирден Президентке чейин, элге кереги тийген адамдар баардыгы мугалимдин колунан чыгат. Мен ошон үчүн мугалимдик кесипти баалайм. Мен үчүн бул кесип оӊой эле деп ойлойм себеби адамдын жүрѳгүндѳ окуучуларга ушул нерсени үйрѳтѳм деп окуучулардын тилин таап алсаӊ оӊой эле. Бул кесибимди ѳзүм тандап алгам ошондуктан баалайм. Өзүмдүн биринчи мугалимимден улам мугалим болгум келчү. Эми минтип мугалим болуп отурам”.

20161003_132944

Ормонбекова Айгүл ар бир окуучунун кулк-мүнѳзү бар экенин жана окуучулар менен иштешүү кыйын экенин айтат: “ Биз кичинебизден эле мугалим деген кесипке ээ адамдарды баарын кумир тутуп келгенбиз. Мугалим деген кесипти кесиптердин эӊ ардактуусу деп эсептейм. Инсанды тарбиялоодо мугалимдин салымы чоӊ деп ойлойм балдарды турмуш жолуна үндѳйт деп ойлойм. Окуучулар менен иштеш кыйын себеби ар баланын ѳзүнүн кулк-мүнѳзү, кыялы бар ар бирине ѳзүнчѳ мамиле жасаш керек алардын тилин табыш керек. Өзүмдүн кесибиме ыраазымын мен бул кесипти бала кезимден самап келгем”.

20161003_133414

Казакбаева Нуржамал мугалим эӊ ардактуу кесип дейт: “ Мугалим деген кесип эӊ ардактуу кесип. Себеби мугалимден окумуштулар профессорлор чыгат экен. Өз кесибинди сүйсѳӊ кыйынчылыгы билинбейт. Өзүм тандаган кесипке ыраазымын. Маянасы аз болсо да иштеп келем. Мугалимдик кесип сыймыктуу. Окуучуларын учурашып сыйлап турса сүйүнүп калам”.

20161003_133727

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Сынак үчүн

Редактор: Луиза Айтымбетова