Токтогул районунун Терек- Суу айылында май айынан бери чач тарач иш алып барууда. Чач тарачты 25 жаштагы айыл тургуну Каныкей Ызакул кызы ачкан.
Чач тарач Каныкей Ызакул кызы өзүнүн чакан ишкерлиги тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
“Чач тарачты май айынын аяк ченинде ачкам, 4 ай болуп калды. Айылгы кошкон салымым ушул болсун, элдерге жеңилдик болсун деген максатта ачкам. Себеби, айыл тургундары чачты кырктырыш үчүн Токтогулга барышат, жол кире баасы барган келгенине 200 сом болуп калат. Күнүнө эң аз келсе 2-3 кардар келет, эгер көп келсе 10 кардарга чейин жетет. Негизи чач тарачты таза кармайм. Себеби, бул жерге көп адам келип кетет жана аспаптарымды хлор менен жууп, тазалап турам”,- дейт чач тарач.
Чач тарачтын кардары Назгүл Жаныбекова баасы жана тазалыгы аны канаттандырарын айтат:
“Мен дайыма бул жерден чачымды кырктырам. Бул жердин тазалыгы жана баасы мени канаттандырат”,- дейт Каныкей айымдын кардары.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн