“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде эгин жыйноо ишембилиги болуп өттү

3 Октябрь 2016 жыл 18:01
Көрүүлөрдүн саны: 120

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек  мектебинин окуучулары мектептин түшүмүн жыйнашты.Эгин жыйноо ишембилигине 8-9-10-11- класстардын окуучулары катышты.

20160928_132951

Жаз айларында мектептин агайлары тарабынан сунушталып, мектеп администрациясы 3,5 га жерге жүгөрү тигишкен. Жай бою эгиндерди мектептин дене тарбия сабагынын мугалимдери сугарып турушкан.

20160928_140419

Аталаган мектептин дене тарбия, аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалими жана бул иш чаранын уюштуруучуларынын бири Урматбек Ашырбаевдин айтымында эгиндерден түшкөн каражат окуучуларга жумшалат:

“Бул ишембилик мектептин агайларынын жана жалпы жамаатынын демилгеси менен ишке ашып жатат.  Окуучуларга бул эгиндердин түшүмүнүн пайдасы тиет деген максатта тиккенбиз. Эгиндерден түшкөн каражат биздин айылда жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин окуучуларына жумшалат. Мисалы, мектептин атынан кошуна айылдарда жана райондордо боло турган мелдештерге, спартакиадаларга, конкурстарга жана олимпиадаларга катышкан окуучулардын жол киреси ж.б керектөөлөрүнө жумшалат”-, дейт Ашырбаев.

20160928_135833

Эгин жыйноо ишембилигине келген 8- класстын окуучусу Нурлан Бакытбек уулу эгин жыйноо ишембилигине жардам берип мектепке салым кошкусу келет:

“Мага бул ишембилик жакты, себеби, биз жалпы мектептин окуучулары болуп биринчи жолу чогуу эгин жыйнап жатабыз. Ишембиликке активдүү катышканыбыз, мектепте кошкон салымыбыз болот деп ойлойм”-, дейт 8- класстын окуучусу.

20160928_140159

Ишембиликке келген 9- класстын окуучусу Алтынай Темиркул кызы буга чейин акча каражатынын жоктугунан окуучулар олимпиадаларга барбай калган учурлар болгондугун айтат:

“Эгиндерден түшкөн каражат окуучуларга жумшалат деп айтышты. Буга чейин акча каражатынын жоктугунан айрым окуучулар олимпиадага ж.б конкурстарга барбай калган учурлар болгон. Мындан ары акча жок болсо мектептин бюджетинен бөлүнөрүн айтышты”,- дейт Алтынай Темиркул кызы.

20160928_135306

20160928_13284820160928_133311

20160928_133216

Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова, Сирена Акжолтоева