Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде мугалимдердин күнүнө карата 5-Б классы тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин мугалимдерге тартуулашты.
Кечеде окуучулар мугалимдерге алардын кесибине байланыштуу суроолорду беришти. Мугалимдер берилген суроолорго көңүлдүү жооп берип жатышты.
Кеченин уюштуруучусу 5- Б классынын класс жетекчиси Айгүл Ормонбекова мугалим деген инсандын кадырын жогору көтөрүү негизги максаты экендигин айтты:
“Кечени уюштуруунун биринчи максаты, мугалимдердин көңүлүн көтөрүү, ал эми экинчи максаты, окуучуларды мугалимдер дүйнөсүнө аралаштыруу, окуучулардын алдында мугалимдердин даражасын көтөрүү. Кечеде мугалимдик кесипке байланыштуу суроо жооптор болду, ата- энелерден келген каттарды окудук. Эң негизги максатыбыз- мугалим деген инсандын кадырын жогору көтөрүү болду. Окуучулар жоопкерчилик менен катышып беришти, баарыбыз чогуу класстер түздүк жана мугалимдерге өз колубуз менен букет жасап бердик”-, дейт Ормонбекова.
5-Б классынын окуучусу Зарина Чилдебай кызы мугалимдерге арнап ыр окуп берди:
Дили таза, билими күч агайлар,
Пейили кенен, күн мээримдүү эжейлер.
Түйшүгү жанга баткан,
Түшүмү жан жыргаткан.
Ошондой эле кече ар кандай кызыктуу оюндар менен коштолду.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн