“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылы кышкыга даярбы?

24 Октябрь 2016 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 96

Терек-Суу айылы кышкыга даярбы деген темада айыл элинен сурамжылоо жүргүздүк. Бул сурамжылоодо элдердин оюн билип кѳрдүк.

Итеманова Зулайка жылдагыдан суук эрте түшкѳнүн айтат: “ Ооба акырындык менен даярдана баштадык. Отун-сууну даярдап балдарды сууктан аман-эсен алып чыгалы деп аракет кылып жатабыз. Жылдагыдан кѳмүрдүн баасы кымбат болуп бир аз кыйналып жатабыз. Быйыл кыш эрте келет деп жатышат”.

20161024_134959

Наралиев Убалкан жылдагыдан кѳмүрдүн баасы кымбат экенин айтты: “ Кышкыга даярданып баштадык. Даярдыгыбыз бир аз начар болуп жатат. Себеби отун-суудан кемип атабыз. Кѳмүрдүн баасын кече угуп келдим бир кабы 200 сом экен. Быйыл кыш эрте келеби деп ойлоп атам “.

20161024_135443

Карасартова Бегайым кыш оор болорун айтты: “ Ооба кышка даярданып баштадык.Кышы менен жага турган отундарды даярдап кичинеден аракет кылып жатабыз. Кѳмүрдү батырак алып алсак деп жатабыз кыш келгенде кымбат болуп кетет. Азыр эле кымбат болуп жатыптыр. Кыш оор болот деп жатабыз”.

20161024_135820

 

Кабылбеков Жеӊишбек кѳмүрдүн баасы жылдагыдай эле дейт: “ Кышкыга даярданып баштадык. Кѳмүр алып отундарды даярдап эл катары даярдык кѳрүп жатабыз. Кѳмүрдүн баасы былтыркыдай эле экен. Элдер кыш оор болот деп айтып жатышат”.

20161024_141405

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн