“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек- Суу айылындагы бала бакчада оңдоо иштери жүрүүдө

31 Октябрь 2016 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 57

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасында оңдоо иштери жүрүүдө. Мурунку кабарларыбызда, билдиргендей бала бакча жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, кышкысын иш алып барчу эмес.

20161011_202157

Белгилүү болгондой оңдоо иштери сентябрь айынын орто ченинде башталаган жана ноябрь айынын аяк ченинде бүтөт. Бала бакча 2016- жылдын 1-декабрынан тартып, кайрадан ишке берилет.

20161011_203116

№5 Кызгалдак балдар бакчасынын директору Базарбү Жуматаеванын айтымында оңдоо иштерине 1 миллион 250 миң сом бөлүнгөн:

“Арис  тарабынан 1 миллион 2509 миң сом бөлүнгөн, азыр оңдоо  иштери ортолоп калды.Канализациясы менен водопроводдору казылып, жаңы алынган трубалар коюлду. Сырткы иштер 1-2 күндө бүтөт, андан сөн ички оңдоо иштерине кийлигишебиз. Оңдоо иштери мөөнөтү боюнча 2,5 айга белгиленген, азыр 1,5 айы өттү, дагы 1 айлык жумуш калды. 2-16- жылдын 1- декбрынан тартып, балдарды кайра алып баштайбыз”-, дейт Базарбү Жуматаева.

20161011_204005

20161011_204326

20161011_204036

Бала бакчага жаңы унитаз жана раковиналарды орнотушкан.

20161011_203208

20161011_203916

 

Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн