“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек- Суу айылынын көчөлөрүнө жарык качан коюлат?

31 Октябрь 2016 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны: 48

Терек- Суу айылынын тургундарынан “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө,кечкисин көчөлөргө жарык керек экендигин билдиришкен. Бул маселе тууралуу Ак- Бакай ЖМБнун кабарчысы Кетмен- Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, маек курган.

20161011_201144

Саламатсызбы! Терек- Суу айылынын тургундарынан  “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көчөлөрдө кечкисин жарык жок экендигин билдиришкен. Алдыңкы пландарда Терек- Суу айылынын көчөлөрүнө жарык коюу барбы?

-Саламатчылык! Туура бул көйгөй 2014- жылы көтөрүлүп, жеке ишкерлердин жардамы менен, бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылганбыз. Ошондо, жеке ишкерлерден 20 көчөлөрдү жарыктандыруучу фонарлар алынган. Бирок бүгүнкү күндө бул көйгөй жергиликтүү бюджеттин тартышытыгынан чечилбей келет. Биздин Кетмен- Дөбө айыл аймагынын социалдык  программасында 2015-2019- жылдар аралыгындагы көйгөйлүү маселелер тууралуу программасында бул жазылган. Эгер, акча каражаты табылып калса, бул көйгөйдү чечсе болот.

Көчөлөргө жарык коюу үчүн канча каражат керектелет?

-Бир жылда, 2-3 көчөнү жарыктандырууга 200-250 миң сом талап кылынары белгилүү болду.

Буга чейин бул маселени чечүүгө аракеттер болгонбу?

Болгон, 2014- жылы жеке ишкерлердин аракети менен, бул маселени чечүүгө аракет кылышкан. Болгону 20 фонарь алынган да, иш токтоп калган. Анткени, бул маселени чечүүнүн дагы бир көйгөйү бар, жарыктандыруучу фонарларды койгондон кийин, ага сарпталуучу электр энергиясынын акчасын ким төлөйт? Айыл өкмөтү төлөй турган болсо, анда, жергиликтүү бюджет акча бөлүп бериши керек. А жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, бул көйгөйдү жергиликтүү бюджеттин каражаты менен мүмкүн эмес.

Маегиңизге рахмат! Саламатта калыңыз!

Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн