Кетмен-Дөбө айыл аймагына кирген Терек-Суу Чоң-Арык айылдарынын жолдору оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей “Ак-Бакай” ЖМБнун кабарчысы “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, айыл тургундары жол маселесин айтышкан.Бул оңдоо иштери тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиев менен маек курдук.
Биздин кабарчыга мурдагы берген маегиңизде, Терек-Суу,Чоң-Арык,Кырк-Казык, Сары Булак ж.б жолдор оңдолот деп айткан экенсиз. Бул жолдор оңдолдубу?
-Оңдолду, жергиликтүү бюджеттен 159800 акча каражаты каралып, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк- Казык айылдарынын ички жолдоруна кум шагыл төгүлүп, тегизделди. Жалпысынан көчөлөргө 18 трубалар орнотулду. Мындан сырткары, Жаңы-Арык автожолуна атайын эсептен 30миң сом акча каражаты каралып, жергиликтүү бюджеттен 110миң сом акча каралып, 11км жол тегизделди жана шагыл төшөлдү.
Жолдорду оңдоого канча каражат керектелди жана каражат кайсы жактан бөлүндү?
-Айылдык жолдорго жалпысынан 269800 сом акча каражаты керектелди. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн