“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылынын көйгөйү болгон суугат суу маселеси

10 Ноябрь 2016 жыл 11:57
Көрүүлөрдүн саны: 715

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургундарынан “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, суугат суу жайкысын жетишпей келгендигин айтышкан. Бул маселе тууралуу Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы Насос-1 суугат суунун башчысы Жекшенаалы Кебекбаев менен маек курган.

20161109_161910

Саламатсызбы! Айыл тургундарынын айтымына караганда суу жазында кеч келип, күзүндө эрте токтоп калат экен.  Эмне себептен?

-Саламатчылык! Мунун себеби, эң биринчи эле азыр майда дыйкан чарбаларына жер бөлүнүп кеткен, мурун 30 гектарга бир сугат суу болсо, азыр ал сууну 30 адам керектейт да, анан талаш-тартыш жаралат. Бирок, бул маселени чечсе деле болот, биринчиден пайдаланылган жерди такташ керек, анан ошого жараша айыл өкмөткө заявканы эртереек бериш керек. Ал эми, күзүндө эрте токтоп калганынын себеби, орум , жыйым бүтүп калат. Ошондуктан, өкмөттүн берген заявкасына жараша, токтотобуз. Сууну кечирээк токтотуш үчүн айыл өкмөтү менен сууну пайдалануучулардын ортосунда келишим болушу керек.

Жакын арада бул маселени чечүү үчүн кандай аракеттер болуп жатат?

Бул маселени чечүү үчүн, акимчиликтен, жогору жактагы суу чарба департаментинен алгылыктуу иштер жасалып жатат. Атайын фонддун эсебинен быйыл акча бөлдүрүп, кошумча насос койдуруу үчүн проектини түзүштү. Буйруса, 2017-жылы тендер жарыялап, Үңкүр участкасына свет алып барып, подстанция орнотуп, кошумча насос коюлат.

Суугат суу маселесин чечүү үчүн канча каражат керектелет?

-Атайын проектиси түзүлдү, 3,5-4 миллиондой акча керектелет.

Маегиңизге рахмат!

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактор: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн