Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары олимпиадага кызуу даярданышып жаткан учуру. Окуучулардын айтымында олимпиаданын шарты жылдагыдан татаалырак.
10-а классынын окуучусу Азима Нурбек кызы Орус тили жана орус адабияты сабагынан барарын айтат: “ Мен олимпиадага орус тил сабагынан барып жатам. Жакын арада гана баштадык даярдыкты. Жылдагыдан шарттары бир аз башкача экен. Биринчи алты айыл биздин мектепте күч сынашып жеӊгендери районго барышат. Мурда мындай болчу эмес түз эле районго кетчик, ошондуктан кызуу даярданып жатабыз. Буга чейин англис тил сабагынан баргам, быйыл башка сабактан барайын деп чечтим. Буйруса даярдыктар жакшы эле. Олимпиадада үч тур болот экен, биринчиси тест, экинчиси жат жазуу, үчүнчүсү болсо суроолорго жооп экен”.


Таалайбек кызы Элмира быйылкы боло турган олимпиада татаалыраак болоорун айтты: “Мен биология сабагынан барып жатам. Даярдыктар жакшы эле. Мен биринчи жолу барып жатам. Мурун негизи окуучулар түз эле Токтогул районуна кетишчи, быйыл болсо жылдагыдан башкачараак. Себеби биринчи алты айыл жарышып анан Токтогулга барышат”.
9-б классынын окуучусу Камчыбек кызы Кундуз олимпипадага биология сабагынан бараарын айтты: “Биология сабагынан барып жатам. Даярдыктар ойдогудай эле. Быйыл биздин мектепке алты айыл келет экен, биринчи орунду алгандар гана Токтогул районуна бара алышат экен”.

8-в классынын окуучусу Рысбек кызы Гүлиза англис тили сабагынан даярданып жатканын айтты:”Олимпиадага англис тил сабагынан даярданып жатам. Мен 8-класс болгондуктан мага мурда барганга мүмкүн эмес эле. Биринчи жолу барганга толкунданып жатам. Эжекелер менен иштешип даярдыктар буйруса жакшы эле”.
Мырсырайимова Элнура олимпиадага эки окуучуну даярдап жатканын айтат:” Мен география сабагынан даярдап жатам. 10-а классынан Луиза Айтымбетова жана 10-б классынан Какенов Бекболсун деген окуучулар менен иштешип даярдап жатам. Буга чейин мен даярдаган окуучулардан бирѳѳ илинген, канчанчы жыл экенин унутуп калдым Аманжан кызы Зуура деген кыз 3-орунду алып, ардак грамота менен сыйланганбыз. Жылдагыдан салыштырмалуу кѳп эле айырмачылыктар бар экен. Эки тур болуп, утканы гана районго бара алышат”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн