Курама уулу Турусбек мектебинин ашканасында оӊдоо иштери жүргүзүлдү. Бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланды.
Чарба иштеринин жетекчиси Мамбетаев Темир бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланганын айтты: “ Турусбек мектеби 1972-жылы курулгандыктан ашканадагы буюмдардын эскилиги жетип калдандыктан биз заманбап үлгүдѳгү жабдыктарды алып жаӊылоону чечтик. Печкалар ,столдор бардыгы теӊ союз учурундагы буюмдар болгон. Айыл ѳкмѳт башчысы Советбек Жээналиевич эл аралык уюмдардан колдоо сурап, үч мектептин ашканаларын оӊдоп берип отурат. Кетмен-Дѳбѳ айыл аймагына караштуу Терек-Суу, Чоӊ-Арык жана Ак-Тектир айылдарынын ашканалары оӊдолду. Эл аралык уюмдардын ѳздорунун шарттары бар экен, биз дагы ал шарттарды аткарганга аракет кылып жатабыз. Коюлган шарттар биздин колдон келе турган эле иштер. Биринчиден аларга суу киргизип бериш керек экен жана электр энергиясын дагы киргизип бериш керек экен. Электр энергиясын Турдалиев Таалайдын жардамы менен киргиздик. Заманбап шаймандар электр энергиясы менен кирген үчүн биз электр энергиясын киргиздик. Бизге акчанын ѳзүн беришкен жок, баардык керектелүүчү буюмдарды ѳздѳрү алып келип, орнотуп беришип, сүрѳткѳ тартып гана кетишет экен. Ремонт толугу менен бүтѳ элек, дагы буюмдарды алып келип беребиз деп жатышат”.
Жуманалиева Кенже ремонт болгондон кийин жумушунун женилдегенин айтат: “Ремонт болгонго чейин жумушубуз кыйын эле, эшике чай кайнатчык, суу ташып, муздак сууга идиш жуучубуз. Ушинтип бизге ыӊгайлуулукту түзүп бергендери үчүн ыраазыбыз”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн