“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ?

12 Ноябрь 2016 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны: 744

Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ? Деген темада 11-класстын окуучуларынан сурамжылоо жүргүздүк.

Райымбердиева Мырзагүл финансы жагына тапшыраарын айтат: « Биз быйыл бүтүрүүчү класспыз. Жалпы мектепте 48 окуучу бүтүргѳнү жатабыз. Ар бири ар кайсыл кесипти тандап жатышат, мен болсо финансы жагына тапшырып ишкер болоюн дегем. Мага деген кѳптѳгѳн кесиптерди сунушташты ѳзүм дагы кѳп ойлонуп акыры ушул кесипти тандадым. Келечеке койгон максаттарым кудай буйруса кѳп, анын бири баардык эле жаштардай ѳлкѳбүздү ѳнүктүүгѳ салым кошу. Эӊ негизгиси ѳзүм тандаган кесипти алып кетүү».

20161112_142755

Программист болууну кыялданган Акылбекова Гүлназ: « Мен программистке тапшырайын деген ойлорум бар. Бул кесипти тандап алышымдын себеби бул кесип мага жакын жана жагат, бала кезимден кыялданган кесибим. Өзүм тандаган кесипти ийгиликтүү аяктап ѳз ѳлкѳмѳ салымымды кошкум келет».

20161112_141439

Орус-тил мугалими болууну самаган Айтымбетова Лилия тѳмѳндѳгүлѳрдү айтты: « Мен буйруса мектепти бүтүп кеткенден кийин Орус-тил боюнча мугалим болгум келет жана ушул жаатка тапшырам. Балачагымдан эле кыялданып келгем, ошон үчүн ушул кесипти тандадым. Келечекте мен университете Орус-тил сабагынан сабак бергим келет».

20161112_141638

Эрлан кызы Фарида врач болом дейт: « Мектепти бүткѳндѳн кийин мен МЭД жагына тапшырайын дегем. Бул кесипти тандашымдын себеби кичине кезимден бери тилеп келгем, ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Келечекте адамдарды дарылап, жардам бергим келет. Өз кесибим менен иштегим келет».

20161112_142739

Медетбекова Акманат медик жаатына тапшырып жатканыма апам стимул болду дейт: « Кудай буйруса ОРТнин баллы жакшы болсо медик жаатына тапшырайын деген оюм бар. Бул кесипти тандоомдун себеби бул биринчиден апам мага стимул болду десем жаӊылышпайт болушум керек.Апам ѳзү медик мен дагы анын жолун жолдогум келет.Азыр биринчи максатым жакшы окуу жана ОРТден жакшы балл алуу».

20161112_143132

Тарых мугалими болом дейт Керимов Өмүркан: «Мектепти аяктагандан кийин кудай буйруса мугалимдике тапшырам тарых сабагынан. Үйдүн кичүүсү болгондуктан айылда калып ата-энемди карайм, ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Келечекте кыргыз жери үчүн чоӊ иш жасагым келет».

20161112_144951

МВД жаатына таптырууну кыялданган Шаршенбек уулу Курурет буларды айтты: « МВД жаатына тапшырайын деп жатам. Бул кесип мага жакын болгондуктан ушул кесипти тандап жатам. Кыргыз жеринин тынчылыгын сактап мамилекетибизге ѳз салымымды кошкум келет».

20161112_145432

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн