“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдыктар башталды

14 Ноябрь 2016 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 35

Турусбек мектебинин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдыктарды баштады. Негизги болгон математика жана кыргыз-тил сабактарынан курстарга барып жатышат.

Математика жана Кыргыз-тил сабактарына кошумча тарых сабагын алып кетип жатам дейт Райымберди кызы Мырзагүл: « Мамлекеттик тестирлѳѳгѳ негизги сабактар болгон математика жана кыргыз-тил сабактарынан жалпы бүтүрүүчү класстар даярданып жатабыз. Ал эми ѳз алдынча мен финансист жагына тапшырып жаткандыктан математика сабагына басым жасап жатам. Даярдыктарды баштаганыма кѳп эле болду. Өзүм тесттерди алып окуп баштагам. Курстар 300 сомдон болуп жатат. Эжекелердин бизге болгон үмүтү чоӊ, биз дагы ишеничти актаганга аракет кылабыз. Кошумча сабактардан мен тарыхты алып кетип жатам жана албетте эле орус тилине дагы басым жасап жатам. Быйыл мамлекеттик тестирлѳѳнүн шарттары ѳзгѳрѳт деп жатат, бирок балл мурдагыдай эле экен. Негизги 110 балл ал эми кошумча 60 тан ашса гана жогорку окуу жайына ѳтѳ алат. Жумасына 2 жолу кыргыз-тил 2 жолу математикадан даярданабыз».

20161115_155938

Негизги сабактардан тышкары англис тили сабагынан кошумча кылып даярданып жатам дейт Жолдошбек кызы Айгерим: «Негизги сабактар кыргыз тили жана математика сабактарынан даярданып жатам, калганы тандоо экен. Октябрьдан баштап даярданып баштадык. Курстарга акча тѳлѳп жатабыз. Мен кошумча кыргыз тили жана англис тили сабактарынан ѳз алдынча даярданып жатам. Жылдагыдай эле 110 баллдан ашканы гана жогорку окуу жайларга ѳтѳт, ал эми ѳтпѳй калгандар тапшыра алышпайт. Тандоодон 60 баллдан жогору болуусу керек».

20161115_160216

Жогорку окуу жайга ѳтѳм деген окуучулар сѳзсүз мамлекеттик тестирлѳѳгѳ катышуусу керек деген ойдо Азиз кызы Айсулуу тѳмѳнкүлѳрдү айтты: «Мен тандоодон тарых жана англис тили сабактарын тандап алдым. Даярдыктарды октябрьдын башында баштаганбыз. Курстар акча менен болот деп сүйлѳшүлгѳн, бирок азыр акчасын  бере элекпиз. Жогорку окуу жайга ѳтѳм деген ар бир окучу мамлекеттик тестирлѳѳгѳ баруусу керек. Босого балл 60 экен. Жумасына 4 күн келип даярданып жатабыз».

20161115_160309

Бүтүрүүчүлѳрдү кыргыз тил жана адабият сабактарынан даярдап жаткан Аматбекова Кенжекан «Sekom»дун тесттери керектелүүсүн айтат: «Мен быйылкы бүтүрүүчүлѳрдү кыргыз тили жана адабияттан даярдап жатам. Жумасына эки жолу даярдайм, айына 300 сомдон. Мамлекеттик тестирлѳѳгѳ керектелүүчү 5-класстан берки окуу куралдары жана атайын тесттерди окуусу керек. Даярданып баштаганыбызга эки айдын жүзү болду. Башында жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандарды гана алгам, бирок азыркы учурда баардыгы эле келип жатышат».

20161112_052800

Математика сабагынан даярдап жаткан Аскарова Толкун интервью берүүдѳн баш тартты.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор:Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн