Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган Турусбек мектебинде шамдагайлардын таймашы болуп ѳттү. Бул сынакта 8-В класс шамдагайлар деп табылды.
Мындан кийин да спорттук мелдештер болуп туруусун каалайм дейт Мирлан уулу Чынгыз: «Биз 8-б классынын атынан чыгып жатабыз.Жакшы эле аракет кылып даярдандык .Аракетибиздин акыбети кайтып биринчи орунду алып, сүйүнүп жатабыз. Командабыздын аты «Олимпик» жана тѳрт кыз, тѳрт бала катыштык. Громата менен сыйландык. Каршылаш команда күчтүү болду, аларды жеӊүү бир аз кыйынчылыка турду. Мындан кийин да спорттук мелдештер болуп туруусун каалайт элем».

Биринчи орунду алып, сүйүнүп жатабыз дейт Нурлан уулу Бекжан: «8-класстардын атынан чыктык. Командага баардыгыбыз кеӊешип, «Олимпик» деген ат койдук. Үч күн кызуу даярданып, биринчи орунду алдык. Программадагы оюндар бүткѳндѳ эки команда 88 добуш менен теӊ чыгып калдык, анан калыстар кап менен секиргиле деп ошол оюнда биз жеӊип алып жеӊишке жеттик. Атаандаштарды жеӊүү оӊойго турган жок».

Атаандаштардын күчтүү экенине карабай биз жеӊдик, анткени биз шамдагайбыз деди Сабырбекова Таӊчолпон:»Жеӊиш үчүн болгон күч аракетибизди жумшадык. Биринчи орунду алганыбызга абдан кубанып жатам. «Олимпик» командасы жеӊеерине ишенгем. Уюштуруучулар грамота менен сыйлашты. Атаандаштарды жеӊүү ѳтѳ эле кыйынга турду, бирок акырында биз жеӊдик, анткени биз ар дайым шамдагайбыз. Спорттук мелдештер кѳп-кѳп болуп туруусун каалайм».

Шамдагайлар таймашын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арнап уюштурдук дейт 11-класстын спорт сектору Рыспай уулу Руслан: «Шамдагайлар таймашын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арнап уюштурдук. Эӊ жакшы деӊгээлде ѳттү. Жалпы 6 класс катышып, 2 класс финалга чыкты. Окуучулар активдүү катышып беришти. Жеӊген команданы грамота менен сыйладык. Жакынкы аралыкта «Мырзалардын мыктысы» жана «Волейболл» оюндарын ѳткѳрѳлү деп жатабыз».

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн