“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Ак элечек апалар

15 Ноябрь 2016 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны: 167

2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ апалардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет.Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен.

Каарыдык деп үйдѳ отура бербей ушинтип топ түзүп кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетиштик дейт Жумабаева Бурул апа: “ Бул топ 2012-жылы Атамбаев энелердин күнү деп жар салгандан кийин негизделген. Ошондо энелер чогулуп топ түзүүнү чечкенбиз. Айылыбызда аялдар кеӊеши Кыдырмаева Бүйжан деген аял бар ошол талантуу энелерди, баатыр апаларды чогултуп чыгарган. Топтун курамында 14 эне бар, алардын жетиси Чоӊ- Арык айылынын энелери ал эми калган жетиси Терек-Суу айылынын энелери. Өкмѳт чакырган жерге барып жаштарга акыл-наасатыбызды айтып туура жолду кѳрсѳткѳнгѳ аракет кылабыз. Колубуздан келгенин кылганга аракет кылабыз. Концерттерди берип турабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн жакшы жетишкендиктерге жетиштик. Каарыдык деп үйдѳ отуруп калбай былтыр ЭЛТРге барып тартылып келдик, Супарага барып келдик. Ал жакта конкурс уюуштурулган ага 23 команда катышты биз 3-орунду алдык.Ошол жектен бизге кѳчмѳндѳр оюунуна жолдомо жазып беришти. Барып келгендер барып келди, мен шартыма байланыштуу бара албай калдым. Бизди эч ким деле демѳѳрчүлѳбѳйт башында айыл ѳкмѳт барып келген жол киребизди берип турчу андан кийин ѳзүбүздүн жаныбыздан эле чыгарып барып келип жатабыз”.

20161112_150107

Топтогу энелер менен бир туугандай эле болуп калдык, бири-бирибизди кѳргѳндѳ аябай сүйүнѳбүз дейт Кыдырмаева Зайнаш апа: “ 2012-жылы 20 майда энелер күнүнѳ карата түзүлгѳн бул топ.Ошондо эки айылдан энелер келишип анан конкурс ѳткѳрүлүп тандалып алынган. Конкурстан 14 апа ѳтүп кетип топ болуп түзүлүп калдык.Жаӊы чыкканда атыбыз “Асылзат” болчу кийин “Акбакай” деп ѳзгѳрүлдү. Бул топту түзүүдѳ Кыдырмаева Бүйжан жана Дѳѳлѳтбек мурунку айыл башчынын салымы чоӊ. Токтогулда “ Акбакай” деген фонду бар экен алар бизди чакырып бизге кошулгула деп сунуш киргизишти биз макул болдук. ЭЛТРге барып келдик ал жактан концерт бердик. Новел фит деген атайын фестиваль болду кѳчмѳндѳр оюнуна карата ошол фестивальдан 23 команданын ичинен 3 орунду алганбыз. Жакынкы убакта гана “ Шайыр апалар” деген кароо-сынака барып катышып келдик анан эми дагы кудай буйруса март айында Талас облусунда галла концерт болот ошого даярданып жатабыз. Биз уюшулгандан кийин кѳп эле грамоталарды алдык ,айыл ѳкмѳт тарабынан  да сыйландык. Коргол абамдын 130 жылдык мааракесинде ушунчалык жакшы даярдык менен барганбыз, ошон үчүн мээнет теке кетпей ар бирибизди медаль берип сыйлашты. Мурда бизди Кожомуратов Дѳѳлѳт колдоп келген азыр болсо Советбек Жээналиевич жол киреге бир аз жардам берип турат. Кийген формаларыбызды ѳзүбүз эле тигебиз. Башында айылдан чыккан бала-чака жардам берип ошолордун акчасына форма тиктирчүүбүз кийин баардык формаларды ѳзүбүз эле тиктик. “ Шайыр апаларга” Барганда 4 форма тиктик ар бирибизге. Үйдѳ бала-чака менен эле отура берсек күн ѳтѳ берет андан кѳрѳ аздыр-кѳптүр элге чыгып турабыз. Топтогу энелер менен бир туугандай эле болуп калдык бири-бирибизди кѳргѳндѳ аябай сүйүнѳбүз, ѳзүбүздүн да отурушубуз бар ага чогулуп отурабыз ушул болсо да убакыттын жакшы бир мүнѳттү болот экен. Дайыма сыйдын үстүндѳ жүрѳбүз”.

20161112_145629

20161112_145558

20161112_145821

20161112_155421

20161112_155704

20161112_145828

 

Кыдырмаева Бүйжан,Жаманкулова Кымбат, Анарбаева Касиет апалар ѳздѳрүнүн жеке жашоосуна байланыштуу үйлѳрүндѳ жок болуп интервью алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Суроттор Жумабаева Бурул жана Кыдырмаева Зайнаштын оздук архивинен алынды.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн