“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Менин таза айылым!

16 Ноябрь 2016 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны: 364

Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.

Токтогул районунун билим берүү бѳлүмү ноябрь айы биология жана химия айы деп белгилегендиктен окуучулар менен биргеликте «Менин таза айылым!» аттуу акцияны жүргүздүк дейт жүрүштүн уюштуруучусу Шакирова Назгүл: «Токтогул райондук билим берүү бѳлүмү ноябрь айы биология жана химия айы деп белгилешкен. Курама уулу Турусбек орто мектебинин биология жана химиядан берген эжекелер болуп «Менин таза айылым!» аттуу акцияны жүргүздүк. Окуучулар кѳӊүлдүү жана активдүү, кубануу менен катышып беришти. Анткени бул ѳздѳрүнүн айылы үчүн да. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты. Айыл тургундары жакшы маанайда кабыл алып жатышат».

20161117_122007

Жүрүштүн катышуучусу  Сабырбекова Таӊчолпон: «Айылыбыздын тазалыгы үчүн чыктым. Жогорку деӊгээлде ѳтүп жатат. Айыл тургундары кубануу менен кабыл алып жатышат. Бул аймактын кѳрүнүктүү айылы бизбиз. Ошондуктан айылыбызды дайыма таза сакташыбыз керек деп ойлойм. Башка айылдардан келген адамдар айылыбыздын тазалыгын кѳрүп суктанса дейм».

20161117_122125

Айыл тургундарынын жакшы кабыл алып жатканы да жаман кабыл алып жатканы да бар дейт Анашов Ай тмат: «Бул жүрүшкѳ айылымдын тазалыгы үчүн чыктым. Окуучулар активдүү катышып жатышат. Айыл тургундарынын жакшы да жаман да кабыл алып жаткандары бар. Бул акцияда кѳчѳдѳгү ташдандыларды тазалап жатабыз. Тазалык жѳнүндѳ иш-чаралар кѳп болуп туруусун каалайт элем».

20161117_121715

Чет жерден келген адамдар айылымдын тазалыгын кѳрүп суктанса дейм дейт Какенов Бексултан: «Бул акцияга айылыбыздын тазалыгы үчүн атайын колдоп чыктык. Элдин кабыл алуусу да жакшы болуп жатат буйруса. Кѳчѳлѳр таза болуп турса чет жерден келген адамдар айылымды кѳрүп суктануусун каалайм. Дагы ушундай иш-чаралар кѳп болуп туруусун каалайм».

20161117_121045

10-б классынын окуучусу Бектурсун кызы Насыйкат: «Тазалыкты сактайлы деп бул акцияга чыктык. Окуучулар жакшы кабыл алып жатышат. Биргеликте айылыбызды тазалап жаткан учурубуз. Акциянын шарттары 10-класстар ак футболка ал эми 9-класстар кызыл футболка жана 8-класстар сары футболка кийгиле деп айтышкан. Күн суук болгондуктан футболкаларды ичибизден кийдик. Айыл таза кѳрүнүп турса, маанайыӊ да кѳтѳрүлѳ түшѳт».

20161117_120941

Айыл тургуну Мүзүрова Панера окуучулардын акцияга чыкканына кубанып жатканын айтты: «Окуучулардын минтип айыл элин тазалыкка чакырып жатканына мен кубанып жатам. Айланаӊыздарды тазалап, таштандыларды алуубузду суранып кетишти. Өзүбүздүн айыл болгондуктан таза сактообуз керек. Туура кылышат окуучулар».

Айыл тургундарын кийинки шаршембиге чейин тазалап койуусун ѳтүндүк дейт Сатыбалды кызы Айданек: «Терек-Суу айылынын тазалыгы үчүн чыктык бул акцияга. Окуучулар баардыгыбыз чогу айыл элин тазалыка чакырып жатабыз. Жашоочуларга эмдики шаршембиге чейин тазалап койусун суранып жатабыз. Бизге мугалимдер ушундай акция жүргүзѳлү деп мугалимдер айтышты биз макул болуп чыгып жатабыз. 10-класстар ак фудболка кийип чыктык. Тазалык үчүн дайыма ушундай акциялар болуп турса биз ар дайым чыгууга даярбыз».

20161117_120223

Илгери дагы ушинтип окуучулар кѳчѳлѳрдү кыдырып элдерди тазалыкка чакырышчы, кийин антпей калышты эле эми минтип силерди кѳрүп сүйүнүп жатам дейт Стамалиева Дамира: «Окуучулар ушинтип элдерди тазалыкка чакырышы эӊ туура. Илгери дагы ушинтип окуучулар тазалыкка чакырып кыдырчеле, кийин атпей калышты эми минтип силерди кѳрүп сүйүнүп жатам. Айылдын тазалыгын сактоо бул эӊ жакшы нерсе. Окуучулар айланаӊыздарды таза кармообузду суранып кетишти».

20161117_115303

10-а классынын окуучусу Раманкулова Райкан: « Биздин максат бул Терек-Суу  айылы таза болсун деп чыгып жатабыз. Тазалыгын кѳрүп адамдар суктанса кандай сонун болмок. Окуучулар аябай кѳп болуп чыктык. Айыл тургундары жакшы кабыл алууда».

20161117_114703

Окуучулар ар бир кѳчѳгѳ бѳлүндү бизге Токтогул кѳчѳсүн беришти дейт Бекташова Кылымжан: « Бул акцияга « Менин таза айылым» деген ураан менен чыгып жатабыз. Негизи ушундай иш-чаралар болуп турса жакшы болмок. Ар бир үйгѳ кайрылып тазалап койгула деп айтып жатабыз».

20161117_115114

20161113_104530

20161113_105020

20161113_110325

20161117_122815

 

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн.