“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү

17 Ноябрь 2016 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны: 60

Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин жактап берүү.

Гүл кѳргѳзмѳсүнүн уюштуручусу жана мектеп зам директору Казакбаева Нуржамал: «Биздин мектепте бүгүн гүл кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Биринчи максатыбыз кыздарды гүлгѳ кызыктыруу жана ошону менен бирге гүлдүн пайдалуу жактары менен таныштыруу болду. Бардык класстарга айтылган, бирок кээ бир класстар даяр болбой калгандыктан 6 класс келип катышты. Окуучулар аябай активдүү катышып беришти гүлдѳрдү алып келип жактап беришти. Жеӊүүчүлѳргѳ грамоталар берилет».

20161117_124428

Аткаруу кызматын аткарган Качкынбаева Гүлзат: «Уюштурунун максаты гүл бул аябай пайдалуу, бѳлмѳдѳгү абаны тазалайт, кѳрк берип турат  ошондуктан уюштурдук. 8-10 класстын кыздары катышып жатышат активдүү катышып гүлдѳр жѳнүндѳ кѳптѳгѳн маалыматтарды топтоп келишиптир. Кыздардын гүлдѳрүн кѳрүп биздин кыздар гүлдү жакшы ѳстүрѳрүн байкадым. Шарттар болсо ошо гүлдѳрдүн атын билүү жана кайсы мамлекетен чыккан, пайдалуу жактарын айтып берүү болчу».

20161114_115033

Ушундай гүл кѳргѳзмѳсүн ѳткѳрүп  турушубуз керек дейт Акимжанова Анара: «Бул кѳргѳзмѳгѳ кѳз карашым жакшы. Жылда ушундай кѳргѳзмѳлѳр болуп туруусун каалайм. Биз 5 гүл алып чыктык жана алардын аттарын айтып жактап бердик».

20161114_114004

Мындай гүл кѳргѳзмѳлѳр быйыл гана болуп жатат дейт Элдияр кызы Гүлзира: «Бул кѳргѳзмѳнү Казакбаева Нуржамал эже уюштурду. Мага абдан жакты. Жакшы денгээлде ѳтүп жатат. Кѳргѳзмѳнүн шарттары боюнча 5 гүл алып чыгып алардын мекендеген жерин аныктап айтып бердик».

Кѳптѳгѳн гүлдѳрдүн тарыхын билбейт элем азыр билип жатам дейт Рысбек кызы Гүлиза: «Бул кѳргѳзмѳгѳ жакшы кѳз караштамын. Себеби дегенде мектебибиздин эӊ мыкты гүлдѳрү кѳргѳзүлдү. Мен буга чейин кээ бир гүлдѳрдүн тарыхын билбейт элем. Азыр билип жатам. Мага окшогон окуучулар дагы гүлдѳр жѳнүндѳ жакшы маалымат алышты.  Бул кѳргѳзмѳ жылда болбочу быйыл биринчи жолу болуп жатат. Бул кѳргѳзмѳдѳ гүлдѳрдүн идишине жана кооздугуна кѳӊүл бурулду».

20161114_113913

20161117_124111

20161117_123631

20161117_123512

20161117_123835

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн.