“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде” Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү

19 Ноябрь 2016 жыл 19:53
Көрүүлөрдүн саны: 627

Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака 6 кыз катышып, баш байгени Темиркан кызы Канымгүл жеӊип алды.
20161119_141853

Бул сынакты 11-класстар уюштурдук дейт Райымбекова Мырзагүл: “Жылда мектепте 11-класстар парламент болуп шайланышат жана ошол эле убакта бир жылдык программалар кирет. Ошол программанын ичинде күз периси сынагы бар болчу.Бул сынакка 6 кыз катышып жатышат.Биринчи орунду алган сулууга акчалай сыйлык жана айыл аралык сулуулар сынагына жолдомо алат”.

20161119_133538

Сынактын жеӊүүчүсү Темиркан кызы Канымгүл жеӊериме ишенгем дейт: “ Жакшы эле даярданганбыз. Жеӊгенге аракет кылдык. Программалар оӊой эле экен. Сынактын жүрүшүндѳ 6 программа болду, биринчиси албетте саламдашуу,ыр, бий, тамашалуу клип, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарып берүү жана бир буюм жасап келип аны жактап берүү. Абдан толкунданып жатам жеӊериме ишенгем. Ар бир эле сынака катышып жаткан кыз жеӊем деген ойдо чыкса керек”.

20161119_133229

Программалар оӊой эле болду дейт Жумабекова Сырга: “Кудай буйруса даярдыктар жакшы, утабыз деген ойдобуз.Мен үчүн кыйынчылыктар деле болгон жок баары оӊой эле экен. Жылдагыдан салыштырмалуу быйыл 6 эле программа экен.Мен Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынан “ Саманчынын жолун” тандап алдым”.

20161119_133115

Сынактын катышуучусу Нуржан кызы Алина тѳмѳнкүлѳрдү айтты: “Колубуздан келишинче даярдандык, эми кудай буйруганын кѳрѳбүз да. Ар бир сынака катышкан кыз жеӊем деп чыгат да мен дагы ошондой ойдомун. Даярдыктарда кыйынчылык деле болгон жок классташтарым жардамдашып кыйынчылыкты билдиришкен жок”.

20161119_132945

 

Даярданып жатканда мен кѳбүнчѳ монологдон кыйналдым дейт сынактын катышуучусу Коенова Гүлкайыр: “Даярдыктар буйруса жогорку деӊгээлде, азырынчы баары жакшы. Жеӊүү деген ой ар адам да болсо керек жана ар бир эле адам кыялданат да. Даярданып жатканда мен ѳзгѳчѳ монологдон кыйналдым анткени мен ал жекте образга кирип аткарышым керек да. Ошондуктан бир аз кыйналдым”.

20161119_132853

20161119_153607

20161119_144902

20161119_152305

 

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн