“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сулуулардын сынагы

24 Ноябрь 2016 жыл 15:46
Көрүүлөрдүн саны: 891

Терек-Суу айылынын маданият үйүндѳ сулуулар сынагы болуп ѳттү. Бул сынакка  Терек-Суудан, Ак-Тектирден, Чоӊ-Арык, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу, Кара-Күнгѳй айылынын сулуулары катышты жана Терек-Суу айылынын сулуусу баш байгени илип кетти.

20161123_135843

Ак-Тектир айылынан келген сулуу Курманбек кызы Мырзайым  даярдыктар жакшы экенин айтат: “ Мен Ак-Тектир айылынан  №10 Султан Нурманбетов мектебинен келдим, атым Курманбек кызы Мырзайым. Буйруса даярдыктар жакшы. Утам деген оюм бар. Программаларды аткарууда бизде мода кѳрсѳтүүдѳ бир аз кыйынчылыктар болду. Колубуздан келишинче аракет кылдык”.

20161120_124022

Даярданууда кѳп кыйынчылыктар болду дейт Данканай мектебинин сулуусу Элебес кызы Айдана: “Мен №15 Данканай орто мектебинен келдим, атым Элебес кызы Айдана. Даярдыктар жакшы эле. Программаларды аткарууда кѳп эле кыйынчылыктар болду”.

20161120_124237

Коргол мектебинин сулуусу Нурдин кызы Нурсезим: “ Мен 2002-жылы Чоӊ-Арык айылында туулгам. Азыркы учурда Коргол мектебинде 8-класста окуп жатам. Даярдыктар жакшы, утам деген ишеничтемин. Бардыгы жакшы. Классташтарым, ата-энем жардам берип кыйынчылыкты билдиришкен жок”.

20161120_124352

Терек-Суу айылынын сулуусу Темиркан кызы Канымгүл жеӊгенине кубанып жатканын айтат: “ Абдан кубанып жатам. Жеӊишке жетем деп күткѳн эмесмин. Мектептен бир аз оӊой болгон ал эми бул жакта башка айылдын сулуулары менен таймашуу кыйын экен. Бирок классташтарым, ата-энемдин  жана колдоочулардын жардамы менен жеӊишке жетип олтурам. Ардак грамота жана акчалай сыйлык беришти”.

Сулуулар сынагынын уюштуруучусу Орокова Тѳлѳмбү жеӊген кызды Токтогулда ѳтѳ турган сулуулар сынагына жѳнѳтѳбүз дейт: “ Сулуулар сынагы жылда ѳтүп турат. Кыздар абдан жакшы катышып беришти.” Күз периси- 2016” сынагына 6 айылдан келишти. Бул кыздар биринчи айлампадан жеӊген таланттуу кыздар. Атайын Токтогул районунан калыстар тобун чакырдык. Келген калыстар таразанын ташындай калыстык кылып беришти. Биринчи орунду №12 Курама уулу Турусбек орто мектебинин сулуусу Темиркан кызы Канымгүл жеӊди. Бардык сулуу кыздарыбызга грамота жана акчалай сыйлык тапшырдык. Баш байгени алган кыз Токтогул районунда ѳтүүчү сулуулар сынагына жолдомо алды”.

20161121_115643

20161123_165757

 

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн