Терек-Суу айылында 27-ноябрьда биринчи кар жаады, айлана аппак карга чулганды. Айыл тургундарынын айтымында быйыл кыш жылдагыдан суугураак.
Кыш мага ѳзгѳчѳ сезимдерди калтырып жатат дейт Сооронбекова Лиракан: “ Кыш мага жакшы сезимдерди калтырып жатат. Апапак кар айлананы чулгап турса сонун кѳрүнѳт экен. Эми буйруса жаӊы жылды тособуз, үй бүлѳѳбүз менен. Кыш быйыл суугураак жылдагыдан”.
Кыш быйыл жылдагыдан эртерээк келди дейт Азаркулова Тамара: “Кыш быйыл жылдагыдан эрте келди жана аябай суук болуп жатат. Кыш негизи мага жакпайт, жакпаса да келет экен да. Жылдарга салыштырмалуу эрте келди”.
Эрте менен турсам айлана аппак болуп калыптыр дейт: Балтабекова Лаура: “Кыш негизи мага абдан жагат. 27-ноябрь күнү биринчи кар жаады. Эрте менен турсам айлана аппак болуп калыптыр. Жылдагыдан суук болуп жатат”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн