“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылынын тикмечи айымы

28 Ноябрь 2016 жыл 18:09
Көрүүлөрдүн саны: 154

Терек-Суу айылынын тикмечи айымы Шекилбаева Гүлнара кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет.Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.

20161119_153607

Кардарларым кандай буйрутма берсе тиге берем дейт Шекилбаева Гүлнара: “ Тикмечилик менен кѳп жылдан бери алектенип келе жатам. Негизги кардарларым болуп окуучулар эсептелет. Ар кандай концерттерде кѳйнѳктѳрүн тигип берем. Айылдагы адамдар кѳбүнчѳ чыптаманы буйрутма кылышат. Кардарларым эмне кааласа тиге берем. Баалары болсо ар кандай болот. Берген буйрутмасына карап беришет. Кээде кѳӊүлүӊѳн чыгарып бере бер деп коем”.

20161122_141340

Үсѳн кызы Алина Гүлнара эженин кѳйнѳктѳрү кооз жана сапатуу болот дейт: “Биз тиктирген кѳйнѳк мага абдан жакты. Эженин тиккен кѳйнѳктѳрү кооз жана сапатуу болот. Биз тил күнүнѳ арналган кечеге 5 кыз тиктиргенбиз. Биз ойлоп каалагандай эле кылып тигип берди”.

20161122_142140

Кыдырмаева Адила кѳйнѳктү 350 сомго тиктирдик дейт: “ Тигилиши бизге жакты. Кѳйнѳктү 350 сомго тиктирдик. Биз кѳйнѳктүн түзүлүшүн айтып бергенбиз жана биз күткѳндѳй эле болду”.

20161122_144852

20160921_121112

1480343569711_0

1480344105302_1

20161119_152732

20161123_164236

Ушул койнокторду Шекилбаева Гулнара эже тиккен

Сүрѳттѳр окуучулардын ѳздүк архивинен алынды.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы

Редактор: Луиза Айтымбетова

Сынак үчүн