Акбакай жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Даткайым Эрнис кызы айыл тургундарына сурамжылоо жүргүздү. Бул сурамжылоонун темасы “ Жамандыктын башаты, ичкиликтен башталат!”.
“ Аяз” дүкѳнүнүн ээси Батырбекова Кенже дүкѳнүндѳ такыр ичкилик сатылбасын айтат: “ Саламаттыкты сактоо министирлиги жар салды, 18 жашка жете элек ѳспүрүмдѳргѳ ичкилик сатылбасын деп. Менин дүкѳнүмдѳ такыр эле ичкилик сатылбайт. Бул жарлык эӊ туура деп ойлойм. Дүкѳндѳ окуучуларга керектүү эле нерселер сатылат”.
Өспүрүмдѳргѳ ушундай темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлсѳ болмок дейт дүкѳн ээси Касымбекова Анаркан: “ Мен башынан эле ѳспүрүмдѳргѳ ичкилик сатпайм.Буйрукту аткарып жатам деп ойлойм.Саламаттыкты сактоо министирлигине толугу менен кошулам.Жаштарга ушул темада түшүндүрү иштери жүргүзүлсѳ болмок. Ошондо алар ичимдиктин кандай зыян экенин түшүнүшмѳк”.
Айыл тургуну Убалканова Жамалкан ѳспүрүмдѳрдү ичкиликтен гана эмес, дегеле зыяндуу заттардан алыс кылыш керек дейт: “Жаш балдарды түнкүсүн кѳчѳгѳ чыгарбаш керек. Бардыгы ошол кѳчѳдѳн башталат. Биринчиден ата-эне балдарын кѳзѳмѳлдѳш керек, убакыт сааты менен кѳчѳгѳ чыгарса жана тарбияны жакшы берсе бала ѳзү деле мындай иштерден алыс болот. Бир гана ичимдиктен эмес дегеле зыяндуу эаттардан алыш кылыш керек”.
Саламаттыкты сактоо министирлиги ушул теманы жар салып гана койбой ишке ашырыш керек дейт Буканбекова Назгүл: “Саламаттыкты сактоо министирлигине 100% кошулам. Бирок ушул теманы жар салып гана койбостон ишке ашырыш керек.Балдар ѳздѳрү ушундай жолдон алыс болуш керек жана дүкѳн ээлери дагы ѳспүрүмдѳргѳ спирт ичимдиктерин сатпаш керек.Эгер сатып жатса ага айып пул салыш керек. Ар кандай иш-чараларды уюштуруп түшүндүрү иштери жүргүзүлсѳ жакшы болмок, ѳзгѳчѳ мектеп курагындагы жаштарга”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн