“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Коргол мектебинде “Күз периси 2016”-сынагы болуп өттү.

30 Ноябрь 2016 жыл 12:07
Көрүүлөрдүн саны: 111

dsc_0482-kopiya-kopiyaЧоң-Арык айылынын Коргол мектебинде “Күз периси 2016 сынагы болуп өттү.Сынакка 8-класстан жогорку класска чейинки окуучулар катышканга мүмкүн болду.Аталган сынакка беш окуучу катышып,ар бири өзүнүн талантын эл алдына тартуулашты.Сынак 7 программа менен камтылып,сынактын жеңүүчүсү Нурдин кызы нурсезим дайындалды.
Жеңүүчү Нурдин кызы Нурсезим кубанычын биз менен төмөндөгүчө бөлүштү.-“Бул сынакка өзудүн кызыкчылыгым үчүн катыштым.Башында элэ утаарыма ишенгем.Ата-энем,классташтарым,класс жетекчим колдоп жеңишке жетип оурам.Сынактан жеңип чыгуу мен үчүн бир аз кыйынчылыкка турду.Бул сынакка катышуу менен биргеликте өзүмө пайдалуу көп нерселерди үлгү катарында алдым.Эми кудай буйруса зооналык таймашта алдыңкы орундарга илинем деген ишеничтемин.”-дейт Жеңүүчү.20161126_114937

2-орунду багындырган мектептин 10-классынын окуучусу Жеңишаалы кызы Асыл өз оюн мындайча айтат.-“Мен бул сынакка классымдын намысын коргоюн деп чыктым.Менин бул сынакка чыкканымды ата-энем мени колдошту.Негизи көп деле даярдыгым жок к эле ошого карабай сынакка катыштым.Өзүмдүн оюмда деле 2-орун жэ болбосо 3-орун болсом болот деген элем,оюмдагыдай элэ болдум.Конкурс өтө жакшы деңгээлде өттү.-дейт20161128_094545-kopiyadsc_0541

Аталган иконкурстун уюштуруучусу,мектептин зам директору Иманкулова Кыял,конкурс 2016-жылдагы ,,Тарых жана маданият жылына арналгандыгын айтат.-Бул сына жылда элэ отүүчү иш чара.Бул сынак менен окуучулар өздорүн сахнада кандай алып жүргөндү,сахнада өздөрүн эркин алып жүрүнүү,так сүйлөгөндү жана сахна эрежелерин уйрөнүшөт..Бул конкурс 2016-жылындагы тарых жана маданият жылына арналган.Программалардын ар биринде тарых жана маданият жылын чагылдыруу болду.-дейт.20161128_093925-kopiya-2
Бул конкурстан жеңип чыккан окуучу зооналык сулуулар конкурсуна жолдомо алат.
Сынак 2016-жылга тарых жана маданият жылына арналгандыктан,ар бир программада аталган жылды чагылдыруу болуп, сулуулардын таланты төмөнкү программалар менен аныкталды.
1.Саламдашуу.
2.Көркөм окуу.
3.Жандуу үн менен ырдоо.
4.Ар бир сулуу эстрада жылдыздарын туурап артисттик чеберчилигин көрсөтүү
5.Чыгыш бийин бийлөө.
6.Калыстар тарабынан суроо.
7.Дасторкон ажары.
Ошентип аталган программаларды ар бирин татыктуу,так жана даана аткарган окуучулар алдынкы орундарга илинип,аларга акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылып,конкурс акыркы номердеги дасторкон ажары программасы менен ийгиликтүү аяктадыdsc_0519