“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда

1 Декабрь 2016 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны: 715

Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылыга эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.

20161201_130943 Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева буга абанын дароо муздашы себеп болушу мүмкүн деген ойдо:

“Буга абанын дароо муздашы себеп болушу мүмкүн. Азыр жаш балдар арасында сасык тумоо менен кайрылгандар болуп жатат, бирок, өтө оор болуп кайрылган бейтап болгон жок, температура болуп, 2-3 күндө айыгып кетип жатышат. Сасык тумоого кабылганда антибиотиктерде өтө көп кабыл албаш керек. Көбүнчө суук тийгенде сасык тумоого кабылышат.Сасык тумоого кабылгандар көбүнчө өтүшүп кетпеген соң, үй шартында эле дарыланса болот. Болгону биз кеңеш кылган дарыларды кабыл алышы керек”-, дейт дарыгер.

20161201_142758
Айыл тургуну Назгүл Айтымбетовна жакында эле бул илдеттен айыккандыгын айтат:
“Үйдө мен, кызым жана уулум үчөөбүз тең акыркы жумаларда сасык тумоо илдетине кабылып, жакында эле айыктык. Ооруканага кайрылган жокпуз, үйдө эле, өз алдынча дарыландык. Жылда сасык тумоо менен ооруганда, 2-3 күндө айыгып калчык, быйылкы жылы көздөрүбүз кызарып, 1 жумадан ашык убакытта араң айыктык”-, дейт айыл тургуну.
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн