“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

1 Декабрь 2016 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 693

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян”- аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары катышты.

20161201_120014-1

20161201_124611

Дарыгерлер окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

20161201_121942

Тегерек столдун уюштуруучусу жана мектептин биология сабагынын мугалими Назгүл Шакирова биология, химия айына карат уюштурулуп жатканын айтат:

“Райондук билим берүү бөлүмү ар бир мектепке ноябрь айын “Биология,химия айы” деп белгилеген. Биология,химия айына биз атайын иш чараларды уюштурганбыз. “Тамеки өмүргө зыян” аталган иш чараны киргизгенбиз, ошонун негизинде өтүп жатат. Окуучулар активдүү катышып жатышат”-, дейт биология сабагынын мугалими.

20161201_120913

10-класстын окуучусу Бексултан Какенов бул  тегерек столдон тамекинин зыяндуулугу тууралуу көптөгөн маалыматтарды ала алгандыгын айтат:
20161201_124234

“Тамекини чекпеш керек экен, ал өзүңдүн ден-соолугуңа эле зыян экен.Андан көрө, спорт жана окуу менен алектениш керек экен. Тамекиге корогон акчаны кайрымдуулук иштерге жумшасаң туура болот. Тегерек столдо бизге тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалыматтарды айылдагы оорукананын дарыгерлери беришти. Жылыга эле мындай тегерек столдор болуп турчу, бирок, быйылкы эсептен биринчи жолу болуп жатат”-, дейт Какенов.

20161201_123247

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн