Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен маек курдук.

Саламатсызбы! Айылдык кеңешке кимдер талапкер боло алат? Кандай шарттарды аткарышы керек?
-Саламатчылык! Негизинен айылдык кеңешке талапкер болууга эч кандай шарттар жок, жөнөкөй жарандар дагы талапкер боло алышат. Болгону ошол аймакта жашагандыгы тууралуу маалымдама болушу керек.

Шайлоого партиялар менен катышабы же жеке адамдарбы?
—Жеке адамдар катышат. Партиялык система жок жергиликтүү кеңеште.
Канча адам талапкер болууда?
-Азыркы учурда такталган маалымат боюнча 34 талапкер бар.
Айылдык кеңешке канча депутат шайланыш керек?
-Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча 21 депутат шайланышы керек. Өзү 2 аймакка бөлүнөт:Терек-Суу жана Чоң-Арык болуп. Терек-Суудан 12 депутат, Чоң-Арыктан 9 депутат болушу керек.

Жергиликтүү кеңешке депутат болуу үчүн канча добуш алыш керек?
-250 добуш алыш керек.
Белгиленген барьерден аз добуш алып калса эмне болот?
-Белгиленген барьерден төмөн добуш алса мандатка жетпей калат.
Терек-Суу айылы боюнча канча шайлоочу бар?
—Терек-Суу айылында 2255 шайлоочу бар.
Айыл аймагы боюнча канча шайлоо участогу бар?
—Айыл аймагы боюнча 2 шайлоо участогу бар: Терек-Суу жана Чоң-Арык.

Канча жылда бир шайлоо болот?
—Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 4 жылда бир болот.
Эгер шайлоонун жыйынтыгына талапкерлер же эл макул болбосо, жыйынтык жокко чыгарылабы?
-Эгер, чыр-чатак, жаңылыштыктар, түшүнбөстүктөр келип чыкса, шайлоону кайра жылдырууга туура келет.
Шайлоочулардын укуктары ж.б шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?
-Ар бир шайлоочу 12 талапкерди шайлоого укугу бар. Андан сырткары бир гана ID-CARD менен шайлоого катышууга мүмкүн. Мурдагыдай жарандык паспорт ж.б менен катышууга болбойт. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү камеранын коюлушунда болуп жатат да, мурун идинтификациядан гана өтүшсө, эми азыркыда камера аркылуу жарандыгыңды аныктап чыгат, андан соң идинтификациядан өтүп, биометрикалык каттосу бар болсо, ID-CARD бар болсо автоматтык түрдө 2 чекит чыгат: Бирөө, референдум боюнча, экинчиси: жергиликтүү кеңештики.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн