“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы менен маек

6 Декабрь 2016 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 61

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасы Канжарбек Байтиков менен маек курган.

20161206_132809

Саламатсызбы! Алгач айылдык кеңештин депутаттарынын милдеттери жана укуктары менен тааныштыра кетсеңиз?

-Саламатчылык! Айылдык кеңештин депутаттары эмне иш кылат?- Айылдык кеңештин депутаттары эң биринчи айылдын көйгөйлүү маселелерин, айыл өкмөтүнүн бюджетин жана анын туура бөлүнүшүн көзөмөлдөп, шайлоочуларга жана айылдын калкына маалымат тактасына илип, билдирип турат. Экинчиден: социалдык маселелер, ички жолдор,таза  суу, суугат суу жана айыл чарба жерлерин контролдоо, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү болуп эсептелет.

Кайсы жылы жана канчанчы чакырылышта депутат болуп шайландыңыз?

-2013-жылы 25-ноябрда, элдин ишенимине ээ болуп, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайландым. 21 депутаттын төрагасы болуп иш алып бардым 4 жыл ичинде.

Ушул жылдар аралыгында депутаттар тарабынан кандай иштер бүтүрүлдү?

-Айылдык кеңеште 4 жыл ичинде эмне иштерди кылдык? -Көп нерселер жасалды. Биринчиден, айылдын деңгээлиндеги чечиле турган маселелер өз убагында чечилип жатты, арыз, даттанууларды өз убагында аткарып жаттык. Өзү айылдык кеңеште 4 комиссия бар:

  1. Экономика жана бюджет комиссиясы. Анын төрайымы Акынкыз Турсункулова
  2. Агро жана айыл чарба комиссиясын депутат Бакыт Чороев жетектеди.
  3. Арыз даттануулар жана этика боюнча, Жаанбай Бекташов жетектеди.
  4. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо комиссиясы, аны Бексултан Асанбеков деген депутат жетектеди.

Булар 4 жыл ичинде эмне иш кылды? Айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги маселелерди өз убагында чечип жаттык. Ал эми, райондук деңгээлде чечиле турган маселелерди, райондогу кошмо чогулуштарда көтөрүлүп, чечилгендери чечилип, чечилбегендери ошол бойдон калып жатты. Ал эми, республикалык деңгээлдеги чечиле турган маселелер көп экен. Мисалы, Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстар окуган корпусу, таза суу программасы жана ошондой эле Бешташ-Токтогул автожолу. 2014-жылы депутат Бакыт Чороев экөөбүз, Жогорку кеңешке барып, ЖКнын төрагасы Асылбек Шарипович менен жолуктук, бир канча суроолорду бердик, бардыгы мамлекеттин бюджетине, экономикасына карап чечилет экен. Бала бакчанын жылуулук системасы 1300000 сомго коюлуп жатат. Былтыр, 2015-жылы суугат сууга 3000000 сом акча бөлүнүп, ал ишке киришип жатат. Таза суу дагы акырындан ишке ашып жатат 3000000 сомго жакын акча которулуп, чорголор коюлуп жатат. Тыттынын жолу депутаттардын демилгеси менен акча бөлүнүп, жолдор тегизделип, көпүрө салынды, ошондойэле Терекке 170000 сомго элдин жардамы менен көпүрө курулду.

Кандай иштер пландалып, бирок, ишке ашпай калды?

-Республикалык деңгээлде чечиле турган маселелер ишке ашпай калууда.

Эл ишеничин актадым деп ойлойсузбу?

Мен жеке өзүм, элдин ишеничин толук болбосо дагы 60-70% аткардым деп ойлойм.

Алдыдагы шайлоого аттанып жатасызбы?

-Алдыдагы шайлоого аттанып жатам. Мурунку чакырылышта өзүм саясатка жаңы аралашкандыктан көп иштерди бүтүрө албай калдым деп ойлойм. Эгер, дагы шайланып, депутат болуп кала турган болсом, эл үчүн, айыл үчүн жакшы иштерди кылып берсем деп ойлойм. Себеби, биздин айылдын эң көйгөйлүү маселеси, таза суу, ички жолдор,жайыт маселеси жана айылдагы бала бакча ушуларды ордуна келтирсек, кийинки муунга жакшынакай кылып өткөрүп берсек деп ойлойм.

Эгер, депутат болуп калсаңыз, алдыңкы пландарда кандай иштерди ишке ашырат элеңиз?

-Эгер, эл ишенимин берип, депутат болуп калсам, биринчи айыл өкмөтүн бюджетин туура көзөмөлгө алыш керек- эң негизги максатым. Андан кийин, калган иштер каражат болсо эле өзүнөн-өзү бүтө берет.

Маегиңизге рахмат!

Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн