Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин башталгыч класстар окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы учурга чейин 1-2-3-4 класстын окуучулар бул мектептен билим алып келишет.
№12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы Чынара Жумагулова мектептин абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
“Мектеп 1970- жылдары курулган, ал эми 2010-жылы авариялык абалга келген. Ошол убактан бери ар кайсы жерин оңдоп эле окуп жатабыз. Келген-кеткен аткаминерлерден, министрликтен келгендерден жардам сурап жатабыз, келип сүрөткө тартып, эки жагын байкап кетишкен. Бирок эмнегедир кечеңдеп жатат. Буга чейин бул көйгөйдү чечүүгө аракеттер болгон, эл ашар жолу менен мектептин жанына дагы бир мектеп курганбыз, бирок, ал жакшы болбой калгандыгына байланыштуу, көчүп түшүп калган. Жогору жактагыларга көптөгөн кайрылууларды жазып жатабыз, үмүт бар оңдолуп калабы деген. Бизге мектеп авариялык абалда, чоң корпуска көчкүлө деп РайОНОдон указаниелер болгон. Ал эки этаждуу мектеп болгону менен 530 гана орундуу, биздин мектепте 880 окуучу бар, ошонун баары 2 смен эмес 3 сменге дагы батпайт. Ошондуктан, ал жакка бара албайбыз. Мектептин абалы окуучуларга коркунуч туудурбайт дегенден алысмын, бирок, мектептин сөөгү таза деп эле, кыргызчылык менен окуп келе жатабыз. Мектептин түндүк жак тарабы кыйшайып калган, бул финский болгондуктан түбүндөгү жыгачтар чирип калган. Бирок, биз эки жагын рельстер менен түзөп койгонбуз. Дагы канчага туруштук бере алат билбейм, бирок, табийгатка байланыштуу”-, дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиевге кайрылганыбызда, ал айыл өкмөтү РайОНО менен биргеликте министрликке кат жөнөткөндүгүн, бирок, бул маселе дагы деле чечиле электигин билдирди.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбекызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн