“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу: Демилгелүү “Жети-Суу жаштары”

6 Декабрь 2016 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны: 62

Токтогул районунун Терек-Суу айылында айылдын жаштарынын демилгеси мене түзүлгөн  “Жети-Суу жаштары”- аталышындагы коомдук бирикме бар.Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы коомдук бирикменин максаттары, иш-аракеттери тууралуу “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесинин төрагасы Гүлжигит Кудабаев менен маек курган.

20161113_143342

Саламатсызбы! “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесин түзүүгө эмне себеп болду?

-Саламатчылык! “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесин түзүүгө көптөгөн себептер болду, анткени, жаштар көп жылдан бери демилге көтөрүп, ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Маселен, Якутск шаарында курулуш тармагында иштеген балдар айылга көптөгөн салымдарын кошуп келе жатышат. Ошолорду расмийлештирүү, ошолордун багытын туура тандоо үчүн бул уюмду түздүк.

img-20161129-wa0004

Качан түзүлгөн жана бирикмеде канча адам бар?

-Мурдатан бери келе жаткан идея болчу, бирок, жаңы эле түзүлдү, жаңы мыйзамдаштырып, юридикалык каттоодон өтүп жатабыз. “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесинин курамына айылдын жаштарынын бардыгы кирет.

Кандай иштерди аткара алдыңыздар?

-Аткарган иштер боюнча айтсам, жыл-жыл болуп бөлүнүп, ар кандай иш-чараларды уюштурдук, гараждагы техсервистин чоң имаратын бүтүргөнгө аракет кылдык, чогулуп алып, ичин шыбадык, айнектер дагы буйруса келип калды жана мектептин айланасын тосууга демилге көтөрүп, жыл-жыл болуп тосуп жатабыз. Андан сырткары айылдын адеп-ахлагына элди, жаштарды чакырабыз, спорт тармагын дагы алдыга жылдырып жатабыз.

Алдыда дагы кандай пландар бар?

-Алдыда пландар көп, Кыргыз Нефти газ бизден газ издеп жатпайбы, ошолор менен жергиликтүү өнөктөш болуп иштешип жатабыз. Ошолор менен биргеликте айылдын инфраструктурасын карап жатабыз. Маселен, жазында башталып калышы мүмкүн, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, айылга чоң спорт зал куруу боюнча. Ошол спорт комплексинин ичинде бардыгы камтылат:бокс боюнча, күрөш боюнча жана ошондой эле кыздарга фитнес клубду дагы ойлонуштуруп жатабыз. Сырттан инвестицияны тартып келүү, Узун-Акмат өзөнү корукка алынып, улуттук парк болуп чечилди. Анан, ошол жактан дагы жер сурап жатабыз, туристтер менен дагы иштешип калышыбыз мүмкүн.

Сүрөттөр Гүлжигит Кудабаевдин өздүк архивинен алынды.

Маегиңизге рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн