“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сурамжылоо: Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?

8 Декабрь 2016 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны: 61

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден “Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?”-, деген темада сурамжылоо жүргүздүк.

20161202_110943

Төлөнбү Орокова, 51 жашта, Терек-Суу айылындагы маданият үйүнүн кызматкери, коррупцияга каршы системасынын укук коргоочусу:

20161208_141037

“Айылдык кеңешке депутат болуп калсам, менин жеке оюм, айыл ичиндеги тургундардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Мисалы, ооруканадагы шарттарды кароо, таза суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даярмын”.

Орозбек Көксариев, 56 жашта, агроном:

20161208_142002

“Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү союз убагында, область боюнча социалдык жана экономикалык жактан эң начар айыл деп табылган. Азыр бул айылда чечилбеген маселе көп, баарын айтып отурсам каражат жок. Таза суу менен элдин бардыгы камсыз эмес, жайыт маселеси бар, жер маселеси, жаштар жерге жетпей жатышат, жерлерди трансформация кылыш керек, жерлердин плоролодияларын көтөрүш керек, менин өзүмдүн кесибим-агроном, ошолордун бардыгын колумдан келишинче жасайм. Социалдык маселелер бар, өкмөттүн бюджетин көтөрүш керек, бюджетти кантип көтөрүш керек экенин, мурдатан бери айыл өкмөттө иштеп жүргөндүктөн билебиз, колдон келишинче көтөрө алабыз”.

Урматбек  Ашырбаев, 27 жашта, мугалим:

image

“Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койгонумдун себеби, “Жети-Суу” өрөөнүнөн атайын жаштар чыкканбыз, айылда жаш муундар өсүп жаткандыгына байланыштуу, айылга берилген жаштар талапкерлигибизди коюп жатабыз. Эгер, шайлоодон эл колдоп, өтүп кетсем, айыл өкмөтүнүн бюджетин туура жагына пайдаланганга аракет кылам”.

Акынкыз Турсункулова,58 жашта, финансист-бухгалтер:

20161208_144727

“Мен айылдык кеңешке биринчи жолу коюп жаткан жокмун, райондук кеңешке дагы депутат болгом, айылдык кеңешке дагы депутат болгом. Мен туура токтом кабыл алганга, өкмөттүн бюджетин көтөргөнгө аракет кылам. Эгер, март айында “Арис” программасынан аялдар үчүн жеңилдик боло турган, кол өнөрчүлүк сыяктуу жумуштар келип калса, ошолорго инвестиция тартканга аракет кылам”.

Бакытбек Чороев, 44 жашта, ветеринар, жеке ишкер:

20161208_143736

“Мен мурунку чакырылышта дагы депутат болгом. Элдин колдоосуна ээ болуп, депутат болуп калсам, мурдагы чакырылышта бүтүрө албай калган жумуштарым бар, ошолорду бүтүрсөм деп ойлойм. Мисалы, бала бакчаны оңдоого демилге көтөрүп, акимге чейин барып, өкмөткө тапшырма берип жатып, жылытуу системасын киргизип жатабыз, эми азыр айнектери начар экен, спецфондго арыз жазып, кайрылып, бала бакчанын айнегин бүтүрөйүн деген оюм бар. Анан дагы 4 жыл ичинде жаштарга спорт комплексин салып берүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Анан дагы элге жуут салып берүү”.

Разакан Жумабаева, 51 жашта, мугалим:

20161208_145753

Терек-Суу айылымдын өнүгүп-өсүшүнө өз салымымды кошом. Кандай көйгөйлөр болсо, ошолорду иш жүзүнө аткарууга, токтомдун аткарылышын камсыздайм”.

Сүйүнтбек Жолдошов, 51 жашта, мугалим:

20161208_174533

“Айылда эмне көйгөйлүү иштер болсо, баарын аткарганга даярмын. Мисалы, таза суу, суугат суу, жайыт маселеси”.

Канжарбек Байтиков, 51 жашта, мугалим:

20161206_132809-1

“Эгер, эл ишенимин берип, депутат болуп калсам, биринчи айыл өкмөтүн бюджетин туура көзөмөлгө алыш керек- эң негизги максатым. Андан кийин, калган иштер каражат болсо эле өзүнөн-өзү бүтө берет”.

Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн