Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы таңкы саат 08:00дөн, 17:00гө чейин шайлоонун жүрүшүнө көз салып отурду.
Терек-Суу айылында 2301 шайлоочу бар болгондуктан, эртең менен эрте эле адамдар көп болгон. 09:00дөн баштап, 100гө жакын адамдан турган кезек күтүү пайда болду. Шайлоочулар жарым сааттан 1 саатка чейин күтүүгө аргасыз болушту.
№2229 шайлоо участогунда 2301 шайлоочу бар, алардын 1192си шайлоого келип, добуш берген, жараксыз бюллетеньдердин саны- 56 жана 34 шайлоочу ар кандай маселелердин айынан добуш бере албай калышты: айрымдарынын аппарат манжаларынын издеринен өздүгүн аныктай албай койгон(алардын көпчүлүгү кары адамдар болгон), кээ бирлери биометрикалык маалыматтарын тапшырган эмес жана айрымдарынын паспорту эски болгон.
№2229 шайлоо участогунда көз карандысыз байкоочу болгон жок. Участокто 30дан ашык байкоочу жүрдү, алардын дээрлик бардыгы, талапкерлер тарабынан коюлган байкоочулар.
Байкоочу Кенже Стамалиеванын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууга күбө болгон эмес.
Терек-Суу айылынын маалымат борборунун адиси Жылдыз Эсенбекова билдиргендей, саат 12:00гө карай, 405 адам добуш берген.
Жаштар дагы карылар дагы шайлоого активдүү катышып жатышты. Техникалардан жаралган маселе болгон жок.
Шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүгү, шайлоонун тынч өтүп жаткандыгын жана мыйзам бузуу катталбаганын айтышты.
№2229 шайлоо участогунун төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев билдиргендей, Терек-Суу айылынын шайлоочуларынын 52%ке жакыны добуш берген.
Жергиликтүү кеңешке Терек-Суу айылынан жалпы 34 адам талапкерлигин койгон, алардын тизмесин сунуштайбыз:
2. Кубанычбек Анарбек уулу-306
3. Урматбек Ашырбаев-316
4. Канжарбек Байтиков-327
5. Мырзаболот Бекишов-149
6. Жаанбек Бекташов-236
7. Адылбек Бөжөков-111
8. Мирлан Жангараев-165
9. Сүйүнтбек Жолдошов-141
10. Разакан Жумабаева-92
11. Нурсовет Жусупжанов-108
12. Таалайбек Исиралиев-157
13. Жекшенаалы Кебекбаев-183
14. Орозбек Көксариев-287
15. Гүлжигит Кудабаев-178
16. Ызатбек Мамаев-62
17. Акберди Мамыткулов-198
18. Кубанычбек Медетбеков-135
19. Бузурман Момункулов-141
20. Карабай Мыктаров-134
21. Токтогон Мырзабеков-228
22. Доктурбек Мырзыраимов-215
23. Төлөнбу Орокова-146
24. Аида Стамалиева-229
25. Салимакан Сүйүналиева-169
26. Нурлан Сульпиев-247
27. Динара Тургунбаева-129
28. Таалайбек Турдалиев-180
29. Акынкыз Турсункулова-356
30. Баястан Чилдебай уулу-226
31. Бакытбек Чороев-596
32. Жайлообек Чотоев-261
33. Гүльзат чотоева-235
34. Алиаскар Шекербеков-176
Баарына каршы- 0
Талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган 12 талапкер Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине депутат болот.
Автору: Азима Нурбек кызы