“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арык айылындагы тегирмен

14 Декабрь 2016 жыл 10:22
Көрүүлөрдүн саны: 58

Чоң-Арык айылында дан майдалоочу тегирменге муктаждык чоң, анткени айыл тургундары көбүнчө дыйканчылык менен алектенишет.  Дан эгиндеринен талкан, жем жасалып, малга берилет.

20161213_195107

Айыл  элине кызмат кылган тегирменчи Нурлан Атабеков төмөндөгүлөргө токтолду:

“Тегирмендин аркасы менен бала-чакамды багып жатам, кошумча киреше болот. Элге пайдасы болот. Ошол учурда тегирмен анчалык көп эмес болчу,  өзүбүз алыска барып тартып келчибиз, айланабыздагы кошуналар келип тартып жатышат. Менин жардамым ушул жакын жерден тартып калышты. Дандын баардык эле түрү тартылат.Көбүнчө арпа,жугөру  дан, эмне дан алып келсе бардыгын эле.

20161213_195811

Байкалат өз мезгили менен болот, бул жайкысын өзүбүзчө  иш кылабыз жүгөрү кууруп, талкан кылабыз жана сатабыз. Эми кышкысын элдин жүгөрүсүн тартып беребиз, эми элдин арасында баа бар тартканга акча алып турабыз. Кыргыз элине калоом молчулук, токчулук тынчтык болсун”.

Тегирмендин кызматын колдонгон Кубанычбек Алманбетов:

Биз ушул Нурлан акенин тегирменине келгенде аябай эле пайдаланабыз,койгондон баштап эле 5-6 жылдын жүзү болуп калды.Тегирмен жакшы иштейт.Шакты жакшы тартат. Биз тынбай тегирменге келип турабыз. Биздин эл үчүн кызматы абдан жакшы.

Даярдагандар: Бексултан кызы Арууке,Миркалый кызы Шербет

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн