“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арык айылында депутаттарды шайлоо кандай өттү.?

30 Декабрь 2016 жыл 7:37
Көрүүлөрдүн саны: 38

20161220_110908№2230 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо участкасы эртең мененки саат сегизден, кечки саат сегизге чейн иштеди.

 

Шайлоонун жүрүшү туурасында №2230 шайлоо участкасынын төрайымы Иманалиева Рая баяндайт.20161220_110908

-Шайлоо өз убактысында башталды .Айылда жалпысынан 1750 шайлоочу бар,ошонун 52%ы,тактап айтканда 898 референдумга катышты.Аылдык кеңешке болсо 856 киши катышты.Шайлоо эң акшы деңгээлде өттү.Баардыгы жетиштүү болду.Операторлор,телевизор,урналар,компютерлер баары жакшы иштешти.Элдин баарынын түшүнугү кеңири болуп калыптыр десем болот .Шайлоо учурунда эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.Баары биригип 18 адам депутаттыкка талапкер болду .Айылдын эли дагы активдүү катышышты.Эшикте жамгыр жаап жатса дагы эл токтоосуз келип жатты.Баардык шайлоочулардын 24үдепутаттарды шайлай албай калышты.Анткени алардын 12сиаппарат манжаларынын издеринен өздүгүн аныктай албай койгон,6сынын биометрикалык каттосу жок,6сынын паспорту эски болгон.Участокто жалпысынан1 0дон ашуун байкоочу отурду.Шайлоонун так жана даана өткөнүнө ошол байкоочулар күбө болду десем болот.Шайлоого кебей калгандардын добушу саналбайт.Депутаттардын көбү жаштардан шайлангандай болду.Шайлоого бир күн калганда ЧОҢ-АРЫК аЙЫЛЫНан 16км алыс жйгашканЖаңы-Арык айылына жана айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга чапма ящик жөнөтүлгөн.Алардын баары биригип 45 жаран болгон.

Шайлоодо 18 талапкердин эң көп добуш алган 9 талапкер депутаттык мандатка ээ болмок.Талапкерлердин 8и алдыга кетип 9-орунда эки талапкердин добушу тең болуп калды.бирок алардын бирөөсү гана депутат болду.

ЖАҢЫ шайланган 9 депутат эл үчүн жакшы иштерди жасайт деген үмүттөмүн.

 

Талапкерлердин экөосү,Айылдын 48 жаштагы тургуну  Кыпчакбаев КУБАНЫЧБЕК жана33 жаштагы № 13Коргол мектебинин дене тарбия  мугалими Көлбаев Тилектин   добуштары 306дан болуп тең болуп калган .Бирок алардын бирөөсү гана депутат болду.Ал Кыпчакбаев Кубанычбек.Ал эми Көлбаев Тилек эмне үчүн  депутат болбой калгандыгы туурасында талапкер өзү баяндайт.

-Албетте мен депутат болбой калганыма капа болуп жатам.Кыпчакбаев КУБАНЫЧБЕК байке экөөбүздүн добушубуз тең болуп калат деп ойлобоптурмун.Менин депутат болбой каганымдын себеби,мен депутаттыкка талапкемин деген документти 11-ноябрда раеного барып тапшырган элэм.Ал эми Кубанычбек байке 5-ноябрда тапшырган экен,мыйзам боюнча өздүк документин ким биринчи тапшырса ошол депутат болот экен ошондуктан мен өтпөй калдым.20161220_111238

 

 

Даярдаган.Бексултан кызы Арууке

Редактору.Бурулсун Уланбекова

Сынак үчүн