“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

СУРАМЖЫЛООО:Депутат болдуңуз,эл үчүн кандай жууштарды жасайсыз?

30 Декабрь 2016 жыл 7:14
Көрүүлөрдүн саны: 50

 

20161211_095845-1Чоң-Арык айылында жаңы 9 депутат шайланды.Алардын баарысы 18 талапкердин арасынан   элдин өзүнүн тандап алган депутаттары. Ар бир адам депутаттыкка талапкерлигин коюп жатканда  жакшы пландарды ойлонсо керек.Ошол сыяктуу Чоң-Арык айылынын жаңы шайланган депутаттарынын алдыдагы пландары менен таанышыңыздар.

1.Турсунбаев Өмүр 523 адам добуш берип,эң биринчилерден болуп  депутаттыкка өткөн.Жашы 25 те.1992-жылы туулган.Чоң-Арык айылынын Коргол атындагы орто мекиебинде  тарых мугалими болуп иштейт.

Алдыдагы пландары:-Эми мен депутат болдум.Максатым элге колумдан келишинче жардам берүү.Менин айылга эң биринчи колумдан келе тургрны бул,Долбоор жазып  сырттан инвестиция көбүрөөк тартканга аракет кылам.Элден келген сунуштардын баардыгын аткарууга алымдын,күчүмдүн  жетишинче аракет кылам20150101_120858

2.Коргол мектебинин орус эне тили мугалими Жумалиева Анара 504 добуш менен 2- орунда депутаттыкка өткөн.1968- туулган.

Алдыдагы пландары: Жумалиева Анарага кайрылганыбызда,менин алдыдагы пландарым көп,азырынча аоарды айтып жар салгым келбейт-деген гана кыска оюн айтты20150101_121737

3.Бердалиев Жумакмат  468 добуш менен 3-орунда депутаттыкка өткөн.19967жылы тууулган.Коргол мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштейт.

Алдыдагы пландары:-Биринчи максатым эл үчүн ак кызматымды жасоо.Андан соң биздин мектепте өзңөр билгендей элэ спортко кызыккан окуучулар көп, ошолордун келечегине жардам берип,мектепе ар кандай таймаштарды өткөрүп ошол окуучулардын ичинен мыктыларын тандап алып  раендук,облустук олимпиядаларга барган каражатын көтөрүп,андан сырткары,баардык депутаттар менен сүйлөшүп көрүп айылга спорт комплекс куруп берсек деген планым  бар.20150101_140954

4.Артыкбеков Айдарбек431 добуш менен депутаттыкка 4-орунда өткөн.Коргол атындагы орто мектебинин  физика мугалими.1990-жылы туулган.

Алдыдагы пландары:-менин алдыдагы планым айылда эмне көйгөй болсо ошол көйгөйдү чечип бергенге аракет кылам.Жана ошондой эле айыл ичиндеги көчөлөргө түңкүсүн  жарык берип тучу жол чырактарын коюп берсем деген пландарым бар.20150101_134017

5.Алия Мураталиева.1967-жылы туулган.Депутаттыкка 420 добуш менен 5- орунда өткөн.ФАП УСТА-САЙ №779-ҮЙ-БҮЛӨЛҮКдаарыкана пункутунун башкы даарыгери.

Алдыдагы пландары:-Мен мурда элиме кандай кызмат кылып жүрсөм,дагы деле ошондой кызмат кыла берем.Ал эми айылдын депутат айымы катарында көптөгөн жакшы пландарым бар.Алардын бири айылыбыа жакшы,чоң деисад курдуруп бергенге аракет кылам.МЕН МУРУНКУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНДА ДА ДЕПУТАТ БОЛГОНМУН.Бул 3- жолку депутат болушум,1-жолу депутат болгондон баштап элэ айылга детсад салып бере албай койдук ,эми  ошол нерсеге көбүроок аравкет кылабыз.Элде эмне көйгөй болсо баарын чечкенге  аракет кылабыз.20161227_135359

7.АБДРАЛИЕВ алмазбек 361 добуш менен депутаттыкка өткөн.Жеке ишкер.19781ылы туулган.

Алдыдагы пландары:-Биз 5 депутат чогуу өттүк.Баарыбыз чогуу биригип,  канча жылдан бери элдин сунушу көп түшкөн айылга детсад курдуруп берсек деген пландарыбыз бар.Элден  түшкөн сунуштардын баарын аткарууга,ошондой элэ эдин көйгөйүн толук чечип бергенге аракет кылам.20150101_122127

6.Токторалиев Алмаз.6-орунда 325 добуш менен депутаттыкка өткөн.1979-жылы туулган жеке ишкер.20150101_145934

Алдыдагы пландары:-Менин алдыдагы пландарым өтө элэ көп.Эң башкысы жакшы айыл өкмөт башчысын шайлап,элдин чечилбеген маселесин айыл өкмөт менен биргеликте чечсек деген пландарым бар.Чогуу депутаттарга сунуш киргизип,кышкысын көчөлөрдүн баардыгын муз каптап элдин баары тайгак жолдо баса албай кыйналышат.Ошол эмне себептен?ал ошол көчөлөрдө суу түтүктөрүнүн жоктугу.кичинелиги,ошондон улам ошондой көйгөй жаралууда.Ошондуктан ошол айылдын баардык жериндеги суу түтүктөрүн алмаштырып берсек деген планым бар.Эми мени эл шайлагандан кийин элдин баардык маселесин чечип бергенге аракет кылабыз.Бир элэ бул элэ эмес мындан башадагы көптөгөн пландарым бар, эми аларды иш жузүнө ашканда көрсүңөр.

8.Батырбек УУЛУ Аскат 26 жашта.Бизнесмен.Мурунку чакырылышта дагы депутат болгон.320 добуш менен 8-орунда депутатыкка өткөн.

Алдыдагы пландары:-Менин алдыда пландарым көп.Элдин чечилбеген эмне көйгөйү болсо,ошол көйгөйдү чечкенге аракет кылам.Элдин кандай сунушу болсо аткарып берем.20150101_144024

9.Кыпчакпаев Кубанычбек.Жашы 51де.306 добуш менен 9- орунда депутаттыкека өткөн.Бизнесмен.

Алдыдагы пландары:- Элде эмне көйгөй болсо ошол нерсени чечип бергенге аракет кылам.20150101_133333

 

Сынак үчүн.

Даярдагандар.Бактыбек кызы Жайнагүл,Абдыкерим кызы Аида.

Редактору.Бурулсун Уланбек кызы