“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арык айлына 50 сомдук маршрутка келди.

5 Январь 2017 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны: 698

Ушул убака чейин Чоң-Арык айылынын тургундары Токтогул шаарчасына  100 сом жол кире менен барышчу.Быйыл айылга жаңы №425-маршрутка келип, айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты.20150101_135731

20150101_135827

№425 маршрутканын ээси,айдоочусу Ондошов Нурбек маршрутка жөнүндө толугу менен баяндайт.

-Мен Ондошов Нурбек №425 маршруттун ээси 1989-жылы Чоң-Арык айылында төрөлгөнмүн.Бул айдоочулук менен 2016-жылдын август айынан бери алектенемин.Бул убакка чейин Портер айдачумун,андан кийин Гигант айдап  мал ташып,товар ташып бизнес кылчу элем.Азыр минтип эл ташып иштеп калдым.Маршруттун ичинде 16   кишилик орун бар.Токтогул району менен Чоң-Арык айылынын ортосундагы аралык 50 км,ал эми элдердин баарын айланып  үйлөрүнө таштаганда  65-70 км болуп калат.Бир күндө 1000 сомдон 1700 сомго чейин пайда табамын (бензинден сырткары).Кээде маршруттун ичи толбой эл аз болуп калган күндөр дагы болот,эл аябай дегендей көп болуп маршрутка батпай калган күндөр дагы болот.Мен машинанын ичи толгонго чейин элдерди ала берем,толгондон кийин дагы албайм дебейм эл өзү районго жеткенче туруп кете беребиз деп макул болушса анда ала берем,кээде 20 адам болуп кетет,бирок ошол нерсеге эл нааразы деле болбойт.Эртең мененки тогузда жөнөйм, кайраа саат экиде  маршрут толбосо дагы үйгө жөнөймүн.Негизинен шарт ушундай.Айыл өкмөттөн уруксат алганбыз.Заказдар болсо ала берем. Азырынча машинамдын бузулуп,элди жолдо калтырган күндөр боло элек.Мен бул маршрутту айдап баштаганда,айылдын таксисттери мени менен урушууп,,Бизди ООКАТ КЫЛДЫРАСЫҢБы”дешип урушкан күндөрүбүз болгон.Бирок азыр эл дагы көнүп калды,таксисттер дагы көнүп калышты. Азыр Андай уруш-талаштар азайды десем болот.Баасы болсо 50 сом.Эң башкысын айтканда эл үчүн дагы, өзүм үчүн дагы жакшы болгондой болду.20161227_143247

 

53 жаштагы айылдын тургуну Алыбаева Маржан бул туурасында эмне дейт.-Негизинен айтканда  бул маршруттун келгени элге аябай элэ жакшы болду десем болот.Анткени мурда биздин жол киребизге элэ 200сом кетип калчу элэ.Азыр болсо жакшы.20150101_130719

 

Бул туурасында айыл арасына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө элдин баары маршрттун ээсине ыраазычылык оюн билдиришти.

Буга чейин Айылдагы Тагаев Бекболду менен Ондошов Нурбектин ортосунда уруш-талаш болгонун уккан элек.

7 жылдан бери айдоочулук менен алектенген айылдын 60 жаштагы тургуну Тагаев Бекболду маршруттун катташына каршы пикирин билдирген.

-Бул маршруттун айдашына мен каршымын.Себеби бул келгенден бери бидин ишибиз журбой ,элдин баары ошол жакка кетип жатышат.Бирок азыркы заманда ар ким өзүнун амалын ойлойт эмеспи,ошондуктан ар ким өзүнүн аракетин кылсын. Деп  нааразы оюн билдирди.20150101_135229

 

Даярдагандар.Бактыбек кызы Жайнпгүл,Абдыкерим кызы Аида.

 

Редактору.Бурулсун Уланбек кызы.

 

Сынак үчүн.